10:19 21 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Почта кызматкерлери жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга айып кагаздарын, тагыраагы толтурулган протоколдорду тарата башташты

Айдоочуларга айып каттар кантип жеткирилип жатат? Почта кызматкерлеринин жумушу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
542 0 0

11-марттан тарта почта кызматкерлери жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга айып кагаздарын, тагыраагы толтурулган протоколдорду тарата башташты. Бирок бул учурда үйдө киши жок болсо, почтальон катты кайда таштайт? Айып кагазды кайра кайдан кантип алса болот? Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын видеоматериал даярдады.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап "Кыргыз почтасында" иштеген кызматкерлердин жумушу көбөйдү. Алар башка каттарга кошуп жол эрежесин бузган айдоочулардын дагы айып кагаздарын үйлөрүнө жеткире баштады.

Жети жылдан бери почта кызматында иштеген Рима Кулматова бүгүн биринчи ирет унаа ээлерине жазылган айып кагаздарын таратууга чыкты. Ага караган участоктон бул ирет үч адамга аталган кат келиптир.

Почта кызматкери көрсөтүлгөн даректерге барып унаа ээлеринин эшигин такылдатып, коңгуроосун какты. Бирок ага эч ким чыккан жок. Ошентип жол эрежесин бузган үч кишиге тең айып кагазын бере алган жок. Мындай учурда почтальондор билдирүү кагаз (извещение — ред.) таштап кетет экен.

"Эгер көп кабаттуу үй болсо минтип жарнамалар илинген тактага билдирүү кагазын чаптап коебуз. Анткени азыр көп эшиктерде код бар, кире албайбыз. Болбосо кошуналарына беребиз. Билдирүү кагазды үйдө адам жок болгон учурда гана таштайбыз. Ошондо бир айда үч жолу келебиз. Эгер үчөөндө тең катты албаса, анда айып кагазы кайра мониторинг борборуна жөнөтүлөт. Эгер унаа ээси биз барган учурда үйдө болуп калса, анда катты берип, кол койдуруп, анан кетебиз", — деди Кулматова.

"Кыргыз почтасы" ишканасынын маалымат катчысы Назгүл Раимкулованын айтымында, ар бир айып кагазды жеткиргени үчүн почта кызматкерлерине кошумча 3 сомдон төлөнөт.

  • Сотрудники Кыргыз почтасы готовят письма счастья о наложения штрафов в рамках проекта Безопасный город в Бишкеке.
    Бүгүнтөн баштап "Кыргыз почтасында" иштеген кызматкерлердин жумушу көбөйдү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Кыргыз почтасы готовят письма счастья о наложения штрафов в рамках проекта Безопасный город в Бишкеке.
    Алар башка каттарга кошуп жол эрежесин бузган айдоочулардын дагы айып кагаздарын үйлөрүнө жеткире баштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • "Кыргыз почтасы" ишканасынын маалымат катчысы Назгүл Раимкулованын айтымында, ар бир айып кагазды жеткиргени үчүн почта кызматкерлерине кошумча 3 сомдон төлөнөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 7-марттан бери 4500 миңге чукул айып кагазы келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Жети жылдан бери почта кызматында иштеген Рима Кулматова бүгүн биринчи ирет унаа ээлерине жазылган айып кагаздарын таратууга чыкты. Ага караган участоктон бул ирет үч адамга аталган кат келиптир.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Почта кызматкери көрсөтүлгөн даректерге барып унаа ээлеринин эшигин такылдатып, коңгуроосун какты. Бирок ага эч ким чыккан жок. Ошентип жол эрежесин бузган үч кишиге тең айып кагазын бере алган жок. Мындай учурда почтальондор билдирүү кагаз (извещение — ред.) таштап кетет экен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүнтөн баштап "Кыргыз почтасында" иштеген кызматкерлердин жумушу көбөйдү.

"7-марттан бери бизге 4500 миңге чукул айып кагазы келди. Алардын айрымдарын аймактарга жөнөтүп, калганын Бишкекте таратып баштадык. Азыркы тапта кызматкерлер жетишип жатышат", — деди Раимкулова.

Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы дагы автоунаа ээлерине айып кагаздарын тапшырган учурдун видеосун жарыялаган.

Эске салсак, айып кагаз келгенден кийин унаа ээси 15 күнгө жеткирбей төлөй турган болсо, 50 пайыз жеңилдик бар.

Баса, жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү канча экенин сөзсүз билип алыңыз.

Тема боюнча

ЖКККББ: жол эрежесин бузганы боюнча биринчи кат 1000дей айдоочуга жиберилет
Белгилер:
кагаз, айып, почта, Коопсуз шаар

ЭҢ МААНИЛҮҮ