Жаз деми!.. Апрелде Бишкекте салтка айланган жарым марафон өтөт

© Фото / Влад ДомбровскЕжегодный полумарафон весны "Бакай Банк Жаз Деми"
Ежегодный полумарафон весны Бакай Банк Жаз Деми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар 5, 10 жана 21 чакырымга чуркашат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Апрель айында жыл сайын өтүп, салтка айланган "Бакай Банк Жаз Деми" жарым марафон өтөрүн уюштуруучулар билдирди.

Боз үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "40 кыз" долбоору башталды
14-апрелге белгиленген иш-чарадан түшкөн каражат көзү начар көргөндөргө таяк алып берүүгө жумшалат. Катышуучулар жылдагыдай эле "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо чуркашат.

Марафонго профессионал жана ышкыбоздор болуп бардыгы 1 500 адам катышмакчы.

Катышуучулар 5, 10 жана 21 чакырымга чуркашары айтылды.

Марафондун маалыматтык өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу.

Жаңылыктар түрмөгү
0