Бишкектин көчөлөрүнө коюлган кийинки камералар эртеңден тарта ишке кирет. Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган камера
Коопсуз шаар долбоорунун алкагында орнотулган камера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюла турчу камералар 4 этап менен орнотулат. Азыр экинчи этабы жыйынтыкталууда.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында камера орнотууну аяктап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жаңы камералар 9 көчөнүн кесилишинде, эки көпүрөдө болот.

"Иштер 97 пайызга бүткөрүлдү. Эртеңден тарта ал толук даяр болот", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи этапта камера коюлган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Чүй — Манас;
  • Чүй — Павлов;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Байтик баатыр — Горький;
  • 7-апрель көчөсүндөгү көпүрө;
  • Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө.

Аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги жол чийиндери жаңыланып, тийиштүү жол белгилери орнотулууда.

Ал эми жаңы орнотулган камералар күнү-түнү иштейт. Ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюла турчу камералар 4 этап менен орнотулат.

Биринчи этапта орнотулган камералар 12-февралдан тарта иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0