Жээнбеков мугалим менен дарыгерлердин айлыгы качан жогоруларын айтты

Жазылуу
Жыл сайын сот системасын каржылоо көбөйүп жатат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы экономика көтөрүлүп, сот системасы адилеттүү иштей баштаганда көтөрүлөт. Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан сотторунун XI съездинде билдирди.

Ал жыл сайын сот системасына көп каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады. Тактап айтканда, 2018-жылы 2017-жылга караганда 14,4 пайыз көп каражат (1,5 миллиарддан ашык сом) которулган. 2019-жылы каралган каражат 38 пайызга (2,1 миллиарддан ашык сом) өскөн.

"2018-жылы май айында сот системасын реформалоо боюнча кеңештин жыйынында сот системасынын өкүлүнөн "реформа кылуу үчүн эмне керек?" деп сураганымда ал "саясий эрк менен каржы керек" деп жооп берген. Саясий эрк бар, каражат бар", — деди президент.

Жээнбеков башка тармактарды да каржылоо керектигине карабастан сот системасына жетиштүү эле каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.

"Мугалимдер, дарыгерлер жана башка тармактын өкүлдөрүнүн айлыгын көбөйтүү керек. Алардын маянасы өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, сот системасы адилеттүү болгондо гана көтөрүлөт. Бардыгы өз ара байланышкан", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле бардык абалды эске алуу менен сот системасына артыкчылык берилгенин айтып, "бирок алар тараптан жетиштүү аракет болбой жатканын" белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0