Сауд Аравиядагы алп кыргыздар конокторду таң калтырууда. Сүрөт

© Фото / Курсант уулу МарсельCamel Fest в Саудовской Аравии
Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алптардын бою 2,15 сантиметр, ар биринин орточо салмагы 150 килограмм экенин айтышууда.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Сауд Аравияда өтүп жаткан Camel Fest фестивалына катышып жүргөн кыргызстандык алп адамдар конокторду таң калтырууда. Алардын сүрөтүн Жайнагүл Ашырахманова аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жүктөдү.

Фестивалга Кыргызстандан дал ушундай сегиз алп адам барган. Алар оюн-зооко катышып, хан желдеттеринин образын жаратып, этношаарчада кыргыз баатырларынын элесин чагылдырып турушат. Фестивалдын катышуучуларынын айтымында, өзгөчө адамдардын бою 2,15 сантиметр, ар биринин орточо салмагы 150 килограмм. 

Алптар үчүн кийим тигилген. Бул жерде Нуржамал Асангулова "Биздин кыргыз жигиттер" деп жазып алардын формасы жок турган сүрөтүн жүктөгөн.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Сауд Аравияда атайына 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0