ТИМ: элчилик ооруканага барып жаачы Асланайым Ашировадан кабар алды

Жазылуу
Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова жаракат алган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин кызматкерлери Camel Fest иш-чарасында бутунан жаракат алган спортчу Светлана (Асланайым) Ашированын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып жаракат алган.

"Кызматкерлер жабырлануучу дарыланып жаткан King Saudi Medical City госпиталына барды. Ашированын бутунун кыр сөөгү сыныптыр. Дарыгерлер бүгүн эртең менен операция жасаларын айтышкан. Дарыланууга кеткен чыгымды толугу менен Camel Fest фестивалынын уюштуруу тобу өз мойнуна алды", — деп айтышты министрликтен.

Учурда элчилик кызматкерлери оорулуу жана дарыгерлер менен улам-улам байланышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0