Бишкекте эки милиционер пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМден маалымдашкандай, шектүүлөр жарандан кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте эки тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Арыз менен укук коргоо органдарына кыргызстандык айым кайрылган. Ал милиционерлер анын байкесине козголгон ишти токтотуу үчүн 300 доллар талап кылып жатышканын билдирген. Тергөөчүлөр 7-мартта саат 23:40тар чамасында темир жол бекетинин аймагынан кармалган.

"Ленин райондук ИИБинде иштеген кичи лейтенант М.О. менен лейтенант А.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдүн бири УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0