15:59 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9212
  • RUB1.0831
Улуттук кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт

Сулуулугу аңызга айланган, өлүмү сырдуу Акмөөр... Тарыхый инсан тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (284)
667911

Аялзат сулуулугунун символу болгон Акмөөр жөнүндө эл оозунда көп айтылып келет. Ал тууралуу көркөм чыгармалар жазылып, кино тартылып, анда көбүнчө Акмөөрдүн Болотко жетпей калганы, аргасыздан Жантай ханга башын байлашы тууралуу баяндалат.

Анткен менен айрымдар Акмөөрдүн жашоосу реалдуулуктун чегинен чыгып, ашыкча кооздолуп, кошулуп айтылып кеткен деп эсептешет.

Акмөөрдү тарыхый жактан адилет баалоону, калыс мамиле кылууну максат кылып, Жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист Өмүрбек Дөлөев 2005-жылы "Акмөөр — Ак-Талаанын айпериси" деген тарыхый очерк жазып басмадан чыгарган экен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Өмүрбек Дөлөев менен байланышып, Акмөөр жөнүндө фактыларды чогултууга аракет кылды. Белгилей кетсек, Акмөөрдүн өзүнүн аты Мөөркан болгон.

Атасы кедей болгон эмес

Мөөркан 1834-жылы Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. Атасы Адыл кезегинде бий, жоокер, колунда бар, эл ичинде кадыр-баркка ээ адам болгон. Бир туугандары убагында Тайлак баатырдын жигиттери экен. Адылдын атасы Боркок да аттуу-баштуу адам эле деп айтылат. Көп жерде Мөөркандын атасы "карапайым, бечара" болуп сүрөттөлүп калган. Мөөркан үйдүн кенжеси, өзүнөн улуу Өмүр, Саргалча, Ажы, Төлөмүш жана Каратай деген агалары болгон. Мөөрканды Адылдын эмчектеш агасы Келдибек болуш багып чоңойткон. Ал жаштайынан акылдуу, эстүү, аркы-беркини ойлой билген кыз болгон. Шыңга бойлуу, келте мурун, бетинде сепкилдери бар деп сүрөттөлөт.

Мөөркандын Акмөөр аталып, Жантайга жолугушу

Мөөркан 14 жашында 54 жаштагы Жантай ханга турмушка чыккан. Жазуучу Өмүрбек Дөлөев бул боюнча 50-60тай аксакал, байбичелерден сураштырып, эки инсандын турмуш курушунда эч кандай зордум-зомбулук болбогонун тактай алдым деп эсептейт.

Анын айтымында, эки тарыхый инсандын жолугушуусу боюнча маалыматтар ар кыл.

"Жантай хан кайгуулдан келе жатып Соң-Көл жактагы камыштардын арасынан аркарларды байкайт. Алардын аркар экенинен күмөн санап, жигиттерине "байкагылачы, суу ичкени келишкен го" дейт. Жакындаса эле аркар эмес, суукка карабай сууга түшкөнү келген кыз-келиндер болуп чыгат. Атчан жигит жакындаганда кыздар ар тарапка качышат. Алардын арасынан Мөөркан сулуулугу, жайылган чачы (сууга түшкөндөн кийинки) менен айырмаланып турат. Жакындап келген Жантай жаш кыздан "Сен кызсыңбы же катынсыңбы" дейт, анан тиги "кызмын" дейт. Жооп катары хан "Анда сен Акмөөр турбайсыңбы" дейт. Мөөрдү Жантай ошентип көргөн экен", — деп айтып берди Дөлөев.

Дагы бир маалыматтар боюнча Акмөөр 11-12 жашында ата-энеси айылчылап кетип, үйдө жалгыз калат. Жантай хан капысынан үй жагынан өтүп баратып кызды көрөт. Ошол күндөн тарта Акмөөр эсине көп түшкөн.

Дөлөев дагы бир вариантында Жантай хан Адылдын үйүнө конокко барып, чай сунуп жаткан Акмөөргө көзү түшкөн деп айтыларын белгиледи.

Акмөөрдүн Жантай ханга турмушка чыгышы

Акмөөрдүн атасы Адылдын эки аялы болот. Эки жубайына эки үй тиктирип, мал-жан бөлүп берген, өзүнчө конуш ээлеткен. Бир ирет кичүү аялынын конушун которуу үчүн келет. Эрке токолу "майлайлы" деп кой сойдуртуп, конок чакырат. Кечке жуук оттун күйгөнүн көргөн душман айылга басып кирет. Жоо бир айылды карактап, үч жүздөй жылкысын айдап, Адылдын алты айлык баласын карга сайып кетишкен. Мындан улам Адыл үй-бүлөсү менен убактылуу Ысык-Көл тарапка көчүп кетет. Кийинки жылы кайрадан Нарынга көчүп келе жатканда жолдон Жантай хан тосуп чыгып, Акмөөр тууралуу кеп козгогон. Бир жылдан кийин хан каада-салт менен Акмөөрдү алып кеткен. Ал өмүр бою кайындарына алык-салык алдырбай карамдуу болуп, сый-урмат көрсөткөн күйөө бала болгону айтылат.

Акмөөр 23 жашында тун уулу Муңайтпасты төрөгөн. Андан кийин Калый деген кыз, Токтонай деген бала көргөн. Калыйды Көл башына күйөөгө беришкен, Токтонай кичине кезинде чарчап калган. Муңайтпас тай жагына жакын экени айтылат. Акмөөр менен Жантай 20 жыл бирге өмүр сүргөн. Акмөөр 34 жашка чыкканда Жантай кайтыш болгон.

Акмөөр менен Болот сүйүшкөн эмес...

Тасмаларда, чыгармаларда Акмөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу көркөмдөлүп жазылып, бир топ тарыхый жерлери өзгөргөн дейт жазуучу Өмүрбек Дөлөев.

"Болот менен Акмөөр — таеже-жээн. Болот — Адылдын улуу кызынын баласы. Бул эки адамдын ортосунда сүйүү болбоптур. Мөөр экөө бир туугандай чоңоюшкан. Ортолорундагы махабат Олжобай менен Кишимжандай болсо, Болот кызды эбак ала качып кетмек. Алдуу-күчтүү, баатыр жигит болгон да. Акмөөр Жантай өлгөндөн кийин турмуш курган эмес экен. Хан, бектин аялдары төшөгүн башкага тепселеткен эмес. Канышалык даражасын бийик тутуп өткөн", — деди жазуучу.

Акмөөр Жантай хан дүйнөдөн өткөндөн бир жылдан соң, тагыраагы 35 жашында каза болгон. Сөөгү Кемин районундагы Жол-Булак айылына коюлган. Өлүмүнүн так себеби жок, сырдуу деп айтылып келет. Бирок башка булактарда айтылгандай, ал киши колдуу болгон эмес. Себеби хандын аялдары кол тийгис болуп эсептелген. 

© Фото / Динара Базаркулова
Кеминде жайгашкан Акмөөрдүн күмбөзү. Аны Жантайдын тукумдары тургузганы айтылат

Урпактары белгисиз, туугандары бар

Учурда Акмөөр менен Жантайдын урпактары тууралуу маалымат жок. 1970-жылы Акмөөрдүн небереси, Муңайтпастын уулу чоң энесине кат жазып кеткени айтылат.

"Биз Акмөөрдүн уулу Муңайтпастан төрөлгөн беш бир тууганбыз, эркектен жалгыз менмин. Эжем Чыныке Чоң-Кеминде, карындашым Мария Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Оюнда, Нурила Тоңдун Ак-Сайында, Алиман Жети-Өгүздө жашайт. Атабыз Муңайтпас 1920-жылы 63 жашында Нарында каза болгон",- деп айтылат катта.

Ошондой эле Акмөөрдүн атасынын бир туугандарынан тараган жакындары бар. Боркоктун үч уулу болгон: Бай, Адыл, Бердибек. Учурда Байдын чөбөрөсү Мукаш Базаркулов билим берүү тармагында бир топ жыл эмгектенген. Дагы башка туугандары Нарындын Ак-Талаасында турат.

Акмөөргө арналган тасма, чыгарма, сынактар

Акмөөр — тарыхый инсан. Ал жөнүндө эл арасында айтылып келе жаткан уламыштар адабий чыгармаларда, кинофильмде чагылдырып көрсөтүлгөн. Совет доорунда Муратбек Рыскуловдун, Таттыбүбү Турсунбаеванын катышуусу менен "Акмөөр" кинофильми тартылып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган. Эл акыны Сүйүнбай Эралиев көркөмдүгү жагынан жогорку деңгээлдеги "Акмөөр" поэмасын жазган.

Акмөөрдүн сюжеттик мотивдеринин негиздеринде композиторлор опера жаратышкан. Акмөөрдү тарыхый жактан адилет баалоону, калыс мамиле кылууну максат кылып, Жазуучулар Союзунун мүчөсү, журналист Өмүрбек Дөлөев 2005-жылы "Акмөөр — Ак-Талаанын айпериси" деген тарыхый очерк жазып басмадан чыгарганын айтат. 2016-жылы Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында Акмөөргө эстелик тургузулган. Ошондой эле Ак-Талаада "Акмөөрдүн сиңдилери" аталышындагы топ түзүлгөн.

Жыл сайын "Акмөөр — Соң-Көл периси" сулуулар конкурсу өткөрүлүп келет.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (284)

Тема боюнча

Болот Бейшеналиев тууралуу 10 факты. Сүйүү, Таттыбүбү, капыстан кармаган инфаркт
Таттыбүбү Турсунбаева бүгүн 73 жашка чыкмак! Улуу актриса тууралуу 10 факты
Белгилер:
факты, кино, тарых, сүйүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ