Кыргызстан мобилдик интернети арзан үч өлкөнүн катарына кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок "Ош ордо"
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Ош ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин сап башында Индия турса, интернети кымбат мамлекет болуп Зимбабве аталды.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Иликтөө жүргүзгөн британиялык Cable компаниясы мобилдик интернети арзан жана кымбат өлкөлөрдүн рейтингин түздү.

Адистер 1 гигабайт интернеттин наркын доллар менен эсептеп, дүйнө мамлекеттериндеги интернет-трафиктин жогорку жана төмөнкү баасын аныкташкан. Натыйжада ортодогу баа чыккан.

Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар белокту аз жейт. Аймактардын рейтинги
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча эң арзан мобилдик интернет Индияда экендиги белгилүү болгон. Кыргызстан менен Казакстанга 0,26, 0,27 жана 0,49 доллар ылайык келген. Төртүнчү жана бешинчи орундарга Украина менен Руанда илинген.

Алдыңкы ондукта Судан, Шри-Ланка, Монголия, Мьянма жана Конго бар.

Иликтөөнүн авторлору мобилдик интернет КМШ мамлекеттеринде алда канча арзан экендигин белгилешкен. Бул нерсе Түркмөнстанга тиешеси жок, себеби жарандар үчүн трафиктин гигабайты орто эсеп менен 19,81 долларды чапчыйт.

Интернети кымбат өлкөлөрдүн сап башында Африка жана Океания өлкөлөрү турат. Башкы орунда трафигинин баасы 75,2 доллар болгон Зимбабве мамлекети турат. Ошондой эле интернеттин наркы жогору өлкөлөрдүн катарына Экватордук Гвинея, Ыйык Елена, Фолкленд, Бермуд аралдары, Джибут, Греция, Самоа жана Науру мамлекеттери кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0