Жээнбеков: аялзатына канча урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат

Жазылуу
Өлкө башчы аялдардын коомдогу ордун жана социалдык статусун жогорулатуу мамлекеттин башкы камкордугуна алынууга тийиш экендигине токтолгон.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстан аялдары — биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 8-мартка карата куттуктоосунда айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө аялзаттын үй-бүлөдөгү жана мамлекеттеги ордун белгилеген.

"Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат. Кыргызстан аялдары — биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Сиздер — үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал энелерди жана балдарды коргоо, аялдардын коомдогу ордун жана социалдык статусун жогорулатуу, алардын укуктарын камсыз кылууга жана жөндөмдүүлүктөрүн толук ишке ашырууга зарыл шарттарды түзүү мамлекеттин башкы камкордугуна алынууга тийиш экендигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0