Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар

© Sputnik / Табылды КадырбековДетское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке
Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар жана чоңдор үчүн жаңы онкологиялык борбор качан курулуп бүтөт? Бир жылдын ичинде аяктап, бейтаптар кирип калат делген курулуштун токтоп турган себеби эмнеде? Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сураштырып көрдү.

Бир палатага тыгылган бейтаптар

Профессор Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады
Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмү. Сыртынан жалтыраганы менен ичине кирсең капиталдык ремонт болгону деле билинбейт.

Бул бөлүмдө рак илдетинин ар кайсы түрүнө (шишик, лейкоз) кабылган өспүрүмдөрдөн бир айлык ымыркайга чейин дарыланышат. Чүрпөлөрдүн айрымдары биз барган учурда апаларын кучактап уктап жатса, кээ бири телмирип терезе тиктеп отуруптур. Арасында капельница алып жаткандары дагы бар.

Рак менен ооруган балдар жана аларды караган дарыгерлер жаңы онкологиялык борбордун курулуп бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анткени бир палатада төрт бала жатса, аларды караган дагы төрт адам болуп сегиз киши жатат экен. Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Жунушалиева мындай шартта рак илдетине кабылган балдарды аман алып калуу мүмкүнчүлүгү азыраак экенин айтты. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваУлуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Жунушалиева
Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Жунушалиева

"Каза болгон балдардан анализ алганда көбү сепсистен, башкача айтканда, инфекциядан көз жумган болот. Анткени рак илдетине кабылган чүрпөлөрдүн иммунитети түшүп кетет. Жанында караган ата-эне, туугандары сыртка кирип-чыгып инфекция алып келет да, ал балага жугат. Химиотерапия бардык клетканы жакшы-жаман дебей өлтүрүп салат. Анан лейкоцит азайып, баланы аман алып калуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Химиотерапия алган балага биринчи кезекте тазалык, тынчтык керек. Бирок азыр биз аларга мындай шарт түзүп бере элекпиз. Бир палатада бир же эки киши эмес, сегиз адам жатат, бири-бирине инфекция жуктуруп алышууда", — деди Жунушалиева.

Бөлүм башчы менен бейтаптар жаткан палаталарды кыдырып, оорукананын абалы менен таанышып чыктык. Балдар менен чоңдорго бирден ажаткана болсо, 43 балага бир эле жуунуучу жай иштейт экен. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАта-энелер эркек-аял дебей бир палатага жатып, баласынын жанына батканы батса, калгандары кээде аргасыздан жерге төшөк салып жатабыз дейт.
Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелер эркек-аял дебей бир палатага жатып, баласынын жанына батканы батса, калгандары кээде аргасыздан жерге төшөк салып жатабыз дейт.

Ата-энелер эркек-аял дебей бир палатага жатып, баласынын жанына батканы батса, калгандары кээде аргасыздан жерге төшөк салып жатабыз дейт.

"Жерге жатсам да балам айыгып кетсе болду. Мага ушул маанилүү", — деди бир палатада жалаң аялдар менен жаткан киши.

Аты-жөнүн атагысы келбеген ата ооруканада небересин карап жатыптыр. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваУлуттук онкологиянын 35 бейтапка ылайыкташкан бөлүмүндө учурда 45 бала дарыланып жатат
Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкологиянын 35 бейтапка ылайыкташкан бөлүмүндө учурда 45 бала дарыланып жатат

Ал ортодо Гүлмира Жунушалиева коңшу мамлекеттерде рак илдетине кабылган балдарга жакшы шарт түзүлгөнүн айтып кетти.

"Кайсы өлкөгө барба, балдар онкологиясында ата-энелер үчүн да шарт түзүлгөн. Негизи талап боюнча ар бир палатада жуунуучу жай, кийим чечүүчү бөлмө, ата-энеси жатканга өзүнчө диван, балага керебет болуш керек. Химиотерапия алган бала тынч, таза жатыш керек. Жаңы онкоборбордун пландоо иштерине биз дагы катышып, талаптарыбызды айтканбыз. Жаңы борбордо балдар бөлүмүнө көбүрөөк орун берилип, жаңы аппараттар келерин айтышкан. Мисалы, сөөк чучугун көчүрүү операциясын азырынча жасай албайбыз. Бирок жаңы борбор салынып калса, эки-үч жылдын ичинде өзүбүздүн дарыгерлер аны жасап башташат", — деди Жунушалиева.

Улуттук онкологиянын 35 бейтапка ылайыкташкан бул бөлүмүндө учурда 45 бала дарыланып жатат. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваУлуттук онкология борборунун балдар бөлүмү
Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмү

Бюджетте акча жокпу?

2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган. Анын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн. Бирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган.

Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков бардык суроолорго Мамлекеттик курулуш агенттиги жооп берет дейт.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган.
2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАнын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн.
Анын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн.  - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековБирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган.
Бирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган.
1/3
2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган.
2/3
Анын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн.
3/3
Бирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган.

"Курулуш дагы эле башталбай турат. Биз деле чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул маселе боюнча толук маалыматты Мамлекеттик курулуш агенттиги берет", — деди Тилеков.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров курулуш иштери эмне себептен токтоп калганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант
"Башында бул имарат жети кабат болуп салынмак. Бирок бюджетте акча тартыштыгынан улам каржылоо жок, курулуш иштери токтоп калган. Жети кабаттуу борборго 600 миллион сомго чукул акча керек болчу. Быйыл биз төрт кабаттуу кылып салуу боюнча жаңы долбоор чийип, сметасын эсептеп чыксак, 364 миллион сом керек экен. Бул долбоорду өкмөткө жөнөттүк. Алар карап чыгып, каржылоо маселесин чечип берсе эле курулуш иштерин баштайбыз", — деди Абдыкадыров.

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы аталган маселе боюнча расмий кат жазууну өтүндү. Курулуш иштери качан башталып, жаңы борбор качан салынып бүтөрү азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0