127 миң сомдук форма. УКМК менен ИИМ жетекчилери кайдан кийинет

© Sputnik / Стас ЭтвешПошив форм руководства ГКНБ и МВД в московском ателье
Пошив форм руководства ГКНБ и МВД в московском ателье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жетекчисине форма тигүү үчүн дене боюнун өлчөмүн аэропорттон ченеп калууга үлгүрүшкөн.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Москвадагы "Лили Ким" ательесинде КМШдагы тартип коргоо органдарынын бир катар жетекчилери, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн форма тигилет. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды. 

Кабарчы ательеге барып, анын башкы директору Олег Петров менен сүйлөшкөн. 

© © SputnikМосквадагы "Лили Ким" ательесинин жетекчиси Олег Петров
127 миң сомдук форма. УКМК менен ИИМ жетекчилери кайдан кийинет - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы "Лили Ким" ательесинин жетекчиси Олег Петров

"КМШ өлкөлөрү үчүн форма тигүүнү жакында эле баштадык, биринчи кардарларыбыз Кыргызстандан болду. Алар Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин бардык генералитети. Андан соң Тажикстандан кайрыла баштаган, алигиче тигип жатабыз. Кыйынчылыктар болгону менен Өзбекстан менен Түркмөнстандын рыногуна да кирсек деген ниет бар. Маселен, Түркмөнстан өтө жабык өлкө эмеспи", — деп айтып берди Петров.

Sputnik Тажикстан бардыгы Кыргызстандын ички иштер министринен башталгандыгын белгилейт. Ал Москвада жүргөндө жогорку наамдагы адамдарга ылайыктуу келген жакшы формаларды тиккен ательени айтышыптыр.

Конкурс по пошиву формы для паломников 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы сулуусу зыяратчылардын кийимин тигет
" ... Бир маалда иштеги телефон шыңгырап калды. Министрге форма тигүү үчүн дене боюнун чен өлчөмүн аэропортто учакка отурар алдында, каттоодон өтүп жатканда ченеп алдык. Тигилген форма кардарыбыздын көңүлүнө толуптур. Жарым жылдан кийин Кыргызстан ИИМинен форма тигип бергиле деп кайрылышты", — деп айтып берген директор.

Эки жылдын ичинде ателье Кыргызстандагы жогорку офицердик курам үчүн 8-10 жана Тажикстандагылар үчүн жети буюртманы аткарганга жетишкен. Башкы директор мындай иштин өзүнүн ой-кыры бар экендигин — кардарлар үчүн башка өлкөгө бир эмес, бир нече ирет каттоого туура келерин айтат.

"Эч кимге жок дебейбиз, ар кандай буюртмаларды алабыз. Анткен менен башка өлкөлөргө барып, дене боюнун чен өлчөмүн алабыз. Москвадан тигип, бирок кайрадан чет өлкөгө барып, экинчи ирет ченеп келип, салыштырып, андан соң гана даяр форманы жиберебиз. Албетте, жолго кеткен чыгымды чакырган тарап төлөп берет", — деп айтты "Лили Ким" директору.

Көптөр эгерде каражаты жетсе, сапаты, жумшактыгы менен айырмаланган италиялык кездемеден тиктиргенди артык көрүшөт. Аскерий адамдын келбети стандарттуу, чымыр болсо бир ченеп алып эле тигип беребиз. Эгерде ичи чыгып турса же башка өзгөчөлүктөрү болсо, эки же андан көбүрөөк ченеп кайра тигип, кайра ченеп, анан даяр кылабыз.

Дагы бир учур бар. Эгерде генералдын формасы болсо, чен өлчөмүн алууга бир аптадай убакыт жумшалат. Беш-алты күндөн кийин кардар кайрадан келип ченеп көрөт да, бир жумадан соң кийип кетет.

Sputnik Тажикстан дагы аткаминерлердин кийимин тигүү кыйынга турарын укту. Эгерде генералдын статусу болсо, ал майда-чүйдөсүнө чейин кийиниши керек. Ал эми параддык формага буюртма түшсө, ателье үчүн бир топ түйшүк. Кымбат фурнитура тагуу зарыл, аны Россиянын ар кыл фабрикаларынан издеп табыш керек.

Представление нового командующего МВД Исламбека Кенжекулова - Sputnik Кыргызстан
Ички аскердин жаңы кол башчысы курамга тааныштырылды
Баарынан машакаттуусу жана кымбаты толгонуп жасалган алтын жалатылган ичке зымчалар — канитель. Алар Твердеги Торжок шаарында жасалат. Канитель менен оймо, кайсы бир белгилерди сайып чыгуу — түйшүктүү, тактыкты талап кылган, көздүн майын жеген иш. Ал тажрыйбалуу, каныккан чеберлердин гана колунан келет.

Материалдардын кымбаттыгы, кол менен жасалган иштердин татаалдыгы, өзүнчө кылып тигүү — ушунун баары буюртманын наркын өзү эле чыгарып коет. Генералдын формасындагы погондор, ордендердин тагыла турган орду ылайыкталып тигилгенин эске алсак, 120 миң рубль (127 миң сом) болот.

Бир метри 500 сом турган Италия кездемеси да бир топ кымбатка түшүп калат.

Башкы директордун айтканына караганда, Борбор Азиядагы тикмечи чеберлер кездемени жакшы тиккени менен фурнитура, анын ичинен канитель менен иштөө ойдогудай эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0