Бишкекте IT жана математика тармагындагы кыз-келиндердин жыйыны өтөт

© Sputnik / Данияр СандыбаевВидеомост "Перезагрузка казахско-кыргызских отношений — мнения сторон"
Видеомост Перезагрузка казахско-кыргызских отношений — мнения сторон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда тармактын ишин активдештирүү жолдору жана ар бир мүчө үчүн аны кантип пайдалуу кылууга болот деген маселе талкууланат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Борбор калаада табигый илимдер, технология, инженерия жана математика тармагында иштеп жүргөн кыз-келиндердин жолугушуусу өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исмаилов: IT адистерин даярдоодо мугалимдер жетишпей жатат
STEM (табигый илимдер, технология, инженерия жана математика) тармагы боюнча акыркы учурда кыргызстандык адис кыз-келиндер чогулуп, топ түзгөн. Алар тармакты алдыга жылдыруу, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүп жүрөт.

Бүгүнкү жолугушууда да илимий-техникалык жана инженердик-математика тармагы талкууга алынмакчы.

"Иш-чарада тармактын ишин активдештирүү, жакшыртуу жолдору жана ар бир мүчө үчүн аны кантип пайдалуу кылууга болот деген маселе талкууланат", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Жолугушууга "КР айымдары STEMде" (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрү, ошондой эле тармакка кошулууну каалаган кыз-келиндер, адистер, техникалык жана инженердик адистиктеги студенттер чакырылат.

Мааалыматта жыйынга катышуу достук байланыштарды түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга, STEM жагынан кесипкөй өсүүгө көмөкчү боло турганы айтылган.

Жолугушуу 6-мартта Бишкек шаарында Исхак Раззаков атындагы КМТУда болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0