Жаш кыргызстандыктар Россиянын контр-адмиралына ант беришкенби? Элчиликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность посольства России в Кыргызстане
Деятельность посольства России в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКлардын бири "көз карандысыз Кыргызстандын жаштары" Улуттук опера жана балет театрында Россиянын контр-адмиралына ант бергенин билдирди.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги "5-каналдын" алып баруучусу Нарын Айып өлкөдө генерал И. В. Панфилов атындагы жаш армиянын отряды түзүлгөнүн, Кыргызстандын жаштары Россиянын адмиралына ант бергени тууралуу сюжетине түшүндүрмө берди.

Элчиликтен маалымдашкандай, 21-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кара деңиз флотунун "Кызыл туу" ансамблинин концерти болгонун, ага чейин башка иш-чара өткөнүн кабарлады.

"4-мартта "Бешинчи каналдын" эфиринен "О главном" берүүсүнүн алып баруучусу Нарын Айып Кыргызстанда генерал Панфилов атындагы жаш армиянын отряды түзүлгөнүн айтты. Ал жерден уялбастан эле суверендүү Кыргызстандын жаштары Россиянын контр-адмиралына ант беришкени белгиленди... Бул иш-чарада Россиянын Кыргызстандагы биргелешкен аскер базаларында кызмат кылгандардын балдары бүткүл россиялык өспүрүмдөрдүн "Юнармия" аскер-патриот отрядына кабыл алынган. Россиянын элчилиги өлкөдө популярдуу болгон телеканалдан фейк кабарлардын көрсөтүлүүсүнө жол берилбеши керек деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Францияда фейк аркылуу кесиптештерин шакабалаган журналисттер иштен алынды
Элчилик аталган концерт менен иш-чара ачык түрдө болгонун баса белгилеп, залда өлкөдөгү ардагерлердин республикалык уюмдарынын катышуучулары, биргелешкен аскер базасынын аскерлери болгонун кабарлайт.

"Программанын авторлору дүйнөгө таанымал Кара деңиз флотунун артисттеринин алдын ала кабарланган концертине барбаганы өкүндүрөт. Себеби атайыланган калп маалымат чыкпайт болчу", — деп элчиликтен кошумчалашты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы мындай сюжеттердин авторлору тигил же бул нерсени жетекчиликке алышпасын, Россия жана Кыргызстандын элинин чыныгы кызыкчылыктарынан алыс болгондордун  жетегинде калганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0