Шарджа — Бишкек каттамын ачуу пландалып жатат

© AFP / KARIM SAHIBГород Шарджи в ОАЭ
Город Шарджи в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинин бул компаниясы эл аралык "Манас" аэропорту менен кызматташууга даяр.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Air Arabia компаниясы Кыргызстандын авиация рыногунда иш алып барып, адегенде Шарджа — Бишкек — Шарджа каттамын аткарууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Каттам ачуу жөнүндө транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен аталган компаниянын стратегиялык маселелер жана пландоо боюнча директору Тони Уитби сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сыдыков: "Ачык асман" мыйзамы жок деле иш жүрүп жаткан
Air Arabia компаниясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар эл аралык "Манас" аэропорту, "Эйр Кыргызстан" компаниясы менен кызматташууга даяр.

Жолугушуунун аягында кыргыз тарап жарандардын жана чет элдик туристтердин ыңгайы үчүн өлкөнүн авиация тармагын күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Эске салсак, 15-январда "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде "ачык асмандын бешинчи тепкичи" киргизилет. Бул чет элдик учактар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды Кыргызстанга алып келип, кайра башка өлкөлөргө ташый алат дегенди түшүндүрөт.

Air Arabia — Бириккен Араб Эмирлигинин арзан кызматтарды көрсөткөн авиакомпаниясы. Ал толугу менен европалык Airbus компаниясынын Airbus A320 учактарын пайдаланат. Бизге коңшу өлкөлөрдөн Казакстандын Астана жана Алматы шаарларына каттамдарды аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0