Шаардык кеңештин депутаттары жаңы конуштарды кыдырмакчы

Жазылуу
Эл өкүлдөрү муниципалдык объектилерди көрүп чыгышат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаттары март айында борбор калаадагы 47 жаңы конушту кыдырып чыга турганын маалымат кызматы билдирди.

БШК бул үчүн жумушчу комиссияларды түздү. Тийиштүү токтом 2018-жылдын 24-декабрында чыккан.

"Иш-чара жаңы конуштарда бала бакча менен мектептердин бар-жогун аныктоо, социалдык-маданий багытка берилген жер тилкелерин текшерүү максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

5-мартта депутаттар Октябрь менен Ленин районундагы конуштарга бара турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0