Адабиятчы жана коомдук ишмер Теңдик Аскаров дүйнөдөн кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликке гүл коюп жаткан адам. Архив
Эстеликке гүл коюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-мартта, Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Профессор Теңдик Аскаров узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумду. Аталган маалыматты Жазуучулар союзунан тастыкташты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-мартта, Бишкекте өтөт.

Теңдик Аскаров 1937-жылдын 18 –декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган.

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн легендасы, СССРдин мусулман батальонунун командири, Кара майор Борис Керимбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Моджахеддер башын 1 млн. долларга баалаган Кара майор каза болду
Ал көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабиятчы, сынчы, философия илимдеринин доктору катары элдин эсинде калды.

Эмгек жолунда Жазуучулар союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР Улуттук илимдер академиясынын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда иштеген.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал "Эл достугу", "Ардак Белги" ордендери, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, "Даңк" медалы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0