Чүйдө автоунаасынын терезесин караңгылатып алгандар аныкталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд 4-марттан тарта 12-мартка чейин уланат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 4-марттан 12-мартка чейин Чүй облусунда автоунаасынын маңдайкы терезесин караңгылатып алгандарды аныктоо боюнча рейд өткөрөт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

ИИМ ЖКККББсынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Саркулов: жолдо депутат менен жарандардын укуктары бирдей
Ага ылайык, бир күндө эле инспекторлор терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган 9 автоунааны аныкташкан. Аларга карата Эреже бузуулар боюнча кодекстин 129-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөнү айтылат.

Жакында эле ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларды жоопко тартуу укугун өзүнө кайтарды. 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, бул милдет Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Бирок министрлик терезеси караңгылатылган машиналарды токтоткону менен айып салууга укугу жок болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0