00:29 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Памятник Николаю Михайловичу Пржевальскому в городе Каракол

Саякатчы Пржевальскийдин 180 жылдыгын белгилөөгө даярдык башталды. Сүрөт

© Sputnik
Коом
Кыскача шилтеме алуу
22510

Буга чейин Кыргызстандагы Россиянын дипөкүлчүлүгү аталган музейдин материалдык абалын чыңдоо максатында саякатчынын 180 жылдыгын утурлай 11 миллион сомдун тегерегинде жардам көрсөткөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Быйыл орус элинин улуу саякатчысы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгы дүйнөлүк илимий чөйрөдө белгиленет. Иш-чараны утурлай мурдагы Пржевальск, азыркы Каракол шаарына Россиянын маданият министринин орун басары Николай Овсиенко менен өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев барганын жергиликтүү кабарчы билдирди.

Алар Пржевальскийдин жана кыргыздын тилчи-окумуштуусу Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн мемориалдык-тарыхый музейинде болуп, саякатчынын эстелигине гүл коюшту.

  • Быйыл орус элинини улуу саякатчысы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгы дүйнөлүк илимий чөйрөдө белгиленет.
  • Иш-чараны утурлай мурдагы Пржевальск, азыркы Каракол шаарына Россиянын маданият министринин орун басары Николай Овсиенко менен өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев барганын жергиликтүү кабарчы билдирди.
    © Sputnik
  • Замминистра культуры РФ Николай Овсиенко и советник посольства РФ в КР Андрей Сургаев у памятника Николаю Пржевальскому, первому исследователю природы Центральной Азии, на берегу реки Иссык-Куль в городе Каракол.
    Алар Пржевальскийдин жана кыргыздын тилчи-окумуштуусу Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн мемориалдык-тарыхый музейинде болуп, саякатчынын эстелигине гүл коюшту.
    © Sputnik
1 / 3
Быйыл орус элинини улуу саякатчысы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгы дүйнөлүк илимий чөйрөдө белгиленет.

Овсиенко ушул сыяктуу тарыхый эстеликтерди кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү керектигине токтолду.

"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов белгилегендей, биз тарыхыбызды эч качан унутпашыбыз керек, манкуртка айланбообуз зарыл. Келечек муунга баалуу тарыхый объектилерди татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", — деди министрдин орун басары.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандагы Россиянын дипөкүлчүлүгү аталган музейдин материалдык абалын чыңдоо максатында саякатчынын 180 жылдыгын утурлай 11 миллион сомдун тегерегинде жардам көрсөткөн.

Кеңешчи Сургаевдин айтымында, жардам эки этаптан туруп, ал каражатка 9,5 гектар жерди ээлеген музейдин аянты темир тор менен курчалып чыккан.

Николай Пржевальский Борбордук Азияга беш жолу экспедицияга чыгып, акыркы сапарында Ысык-Көлдүн жээгинде келте оорусунан каза болгон. Анын сөөгү Каракол шаарына жакын жерге коюлган.

Тема боюнча

Россия Караколдогу Пржевальскийдин музейин оңдоого 11 млн. рубль бөлдү
Каракол калаасы 148 жашта. Мурдагы Пржевальск шаарынын архивдик сүрөттөрү
Белгилер:
эскерүү, Каракол, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ