Эми ылдамдыкты нормадан саатына 10 чакырымдан ашырсаң айыпка жыгыласың

Жазылуу
1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, айдоочулар ылдамдыкты саатына 20 чакырымга чейин катуу айдай алчу.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 4-марттан тарта кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Ага ылайык, ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашыра айдоо эреже бузуу болуп саналат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, айдоочулар ылдамдыкты саатына 20 чакырымга чейин жогорулатып айдай алчу. Башкача айтканда, жолдогу ылдамдык 40 деп чектелсе, айдоочу саатына 60 чакырым ылдамдык менен жүрө алчу. Ал эми 61ден өйдө эреже бузулду деп саналып келген.

Эми эреже бузуулар боюнча кодекске жана "КРдеги жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамга" өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, мындан ары ылдамдыкты саатына 10 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берилет. Тагыраагы, 20 деп чектелген жерден 30, 40 деп чектелген жерден 50 менен жүрүүгө мүмкүн.

Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 123-беренеси —Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу:

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ кодекстерге кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин тизмектеп берди
1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусуна 1-категориядагы айып пул салынат. Башкача айтканда, 1000 сом каралган.

2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашса, 2-категориядагы айып пул (3000 сом) салынат.

3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашса, 3-категориядагы айып пул (5500) салынат.

4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын транспорт каражатынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашса, 4-категориядагы айып пул (7500 сом) салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0