Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем

© Фото / из личного архива Фархата КосимоваКаскадер Фархат Косимов
Каскадер Фархат Косимов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
37 жаштагы Фархат Косимов Россиядагы каскадерлор гильдиясына кабыл алынган бирден-бир кыргызстандык. Анын айтымында, мындай ири топ менен убагында Үсөн Кубайбергенов иштешкен.

Фархад Косимов каскадерлуктун фаер-шоу жана сахнага ылайык трюктарды көрсөтүү багытын аркалайт. Мындайча айтканда, отко күйүп, сууга түшүп, секирип, кулап, тагыраагы, кинолорго тартылгандардан эмес. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардыгында тең өнөрүн тартуулаган.

Ал өзүн көбүнчө уюштуруучу жана инструктор катары эсептейт. 15 жылдан бери маданий жана спорттук ири этнофестивалдарды өлкө ичинде жана чет мамлекетте жүзөгө ашырып келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Косимов менен маектешти.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков37 жаштагы Фархат Косимов Россиядагы каскадерлор гильдиясына кабыл алынган бирден-бир кыргызстандык
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
37 жаштагы Фархат Косимов Россиядагы каскадерлор гильдиясына кабыл алынган бирден-бир кыргызстандык

— Фархад, алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— Бишкекте чоңойдум. Үйдүн жалгыз баласымын. Ата-энем мен кичирээк чакта ажырашып кетиптир. Келинчегим жаа атуу боюнча көргөзмө оюндарга катышат. Сегиз жаштагы кызым да жаа атканга кызыгып үйрөнүүдө.

— Каскадерлукка кандайча аралашып калгансыз?

Эрлан Жанышбек уулу Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери  - Sputnik Кыргызстан
Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым
— Жаш кезимен спорттун каратэ, таэквондо жана кунг-фу түрлөрү менен алектендим. Өлкө чемпионатынан тарта Азия биринчилигине чейин катышып, байгелүү орундарды багынттым. 2005-жылы Орус-славян университетинин юридикалык факультетин бүткөндөн кийин кесип боюнча Юстиция министрлигинде Жаза аткаруу инспекциясынын инспектору болуп иштеп, спортук карьерамды жыйынтыктадым. Бирок үч жылдан кийин апам ооруп, аны дарылатуу үчүн министрликтеги жумушумду таштап, ишкерлик менен алектенүүгө туура келди.

Алгач командам менен Ысык-Көлдө анимациялык шоуларды уюштуруп жүрдүк, Түркияда да иштедик. Уюштуруучулук жөндөмдү ошол кезден тарта өздөштүрүп, бүгүнкү күнгө чейин спорттук жана маданий этнофестивалдарды жүзөгө ашырып келем. Спортто жүргөнүмдүн пайдасы тийип акыркы жылдары каскадерлукту аркалап баштадым. Бирок мен көбүнчө от менен шоу көрсөтөм, ошондой эле жаа атуу, ат үстүндөгү көргөзмө оюн, фехтование, сахнага ылайыкталган беттештерди аткарам. Маселен, өзү мушташып, отко-сууга чөмүлүп, алыстыктан секирип, кыскасы, тасмага тартылган каскадерлордон эмесмин. Менин багытым башкачараак. Биз көчмөн элдин турмушун көрсөтүп берүүгө аракет кылабыз.

© Фото / из личного архива Фархата КосимоваФархат Косимов: көбүнчө от менен шоу көрсөтөм, ошондой эле жаа атуу, ат үстүндөгү көргөзмө оюн, фехтование, сахнага ылайыкталган беттештерди аткарам
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
Фархат Косимов: көбүнчө от менен шоу көрсөтөм, ошондой эле жаа атуу, ат үстүндөгү көргөзмө оюн, фехтование, сахнага ылайыкталган беттештерди аткарам

— Каскадерлукта жетишкен ийгиликтер тууралуу кеп кылсаңыз?

— Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардыгында фаер-шоу көрсөттүм. Эң чоң жетишкендигим — былтыр Россиянын каскадерлор гильдиясына мүчөлүккө алындым. 2000-жылдардан бери эч бир атамекендик өнөрпоз аталган гильдия менен иштеше элек экен. Убагында белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов кызматташыптыр. Казакстан, Түркия, Венгрия өңдүү мамлекеттердеги ири фестивалдарга катыштык.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы Үсөн Кудайбергеновдун окуучулары кирген, ага-ини Карим жана Баатыр Исраилов башында турган "Азия жигиттери" каскадерлор тобунун менеджеримин. Алар жигитовканы аркалашат.

— Россиядагы каскадерлор гильдиясы менен канча жылга келишим түздүңүз? Сыр болбосо өнөрүңүз үчүн канча каражат аласыз?

— Биздин келишим жыл сайын жаңыланып турат. Бул жактагы каскадерлордун бардыгы эле 10 миң рублдан кем айлык алышпайт. Мындан тышкары, каскадерлуктун спорттук бөлүгү боюнча инструктормун. Кыргызстанга бат-баттан каттап турам. Мекениңде болууга эмне жетсин, анткен менен каражат табуу үчүн сыртта иштегенге мажбурбуз.

© Фото / из личного архива Фархата КосимоваФархат Косимов: бизде ат үстүндө өнөр көрсөтүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул багыттагы оюнчуларга суроо-талап күч
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
Фархат Косимов: бизде ат үстүндө өнөр көрсөтүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул багыттагы оюнчуларга суроо-талап күч

— Россия менен Кыргызстандын каскадерлук өнөрүнүн кандай айырмасы бар?

— Бизде ат үстүндө өнөр көрсөтүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул багыттагы оюнчуларга суроо-талап күч.

— Каскадерлордун таржымалын сурасаң, көбү спортчу болуп жүрүп аралашкан экен. Мындан улам Кыргызстанда каскадерлорду даярдаган мектептер өнүккөн эмеспи деп ойлойсуң.

— Ооба, чындыгында азыр абал ушундай. 90-жылдары Үсөн Кудайбергеновдун жылдызы жанып турганда чет элдиктер бизден келип сабак алып, ат менен иштөө, жигитовка сырын үйрөнүп кетчү экен. Мен ал кишини көзү тирүүсүндө көргөн жокмун. Азыр бизге салыштырмалуу казакстандыктар каскадерлук жагынан кыйын экендигин көрсөтүп, Голливуд менен иштешип жатат. Бирок коңшу өлкөдөгү каскадерлор тобунун көбүндө кыргызстандык балдар эмгектенишет экен.

© Фото / из личного архива Фархата КосимоваФархат Косимов: негизи тажрыйбалуу каскадер жаракат албайт. Бир трюкту эл алдына алып чыгуудан мурда аны бир нече ирет кайталайт
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
Фархат Косимов: негизи тажрыйбалуу каскадер жаракат албайт. Бир трюкту эл алдына алып чыгуудан мурда аны бир нече ирет кайталайт

— Сиздердин иште жаракат алуу болбой койбосо керек?

— Негизи тажрыйбалуу каскадер жаракат албайт. Бир трюкту эл алдына алып чыгуудан мурда аны бир нече ирет кайталайт. Менде майда-барат күйүктөр, сыныктар болду. Эсимде, бир жолу сыртта колума от кармап машыгып жатып, кокусунан шамал үйлөп ийгенде сол жак бетим күйүп калган. Менин терим бат калыбына келет, тырык калган жок. Дагы бир жолу жоокердик самбо менен машыгып жатканда өнөктөшүм үстүмө кулап түшүп кабыргамдан жаракка кеткен.

© Фото / Фархат КосимовФархат Косимов: булгаарыдан сумка, кур, соот-шаймандарды жасайм. Ийне менен тикпейм, кайыштын чекелерин оюп жип менен бириктирип же өрүп чыгам
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
Фархат Косимов: булгаарыдан сумка, кур, соот-шаймандарды жасайм. Ийне менен тикпейм, кайыштын чекелерин оюп жип менен бириктирип же өрүп чыгам

— Каскадерлуктан тышкары хоббиңиз барбы?

— Булгаарыдан сумка, кур, соот-шаймандарды жасайм. Ийне менен тикпейм, кайыштын чекелерин оюп жип менен бириктирип же өрүп чыгам. Мурда өзүмө эле жасачу элем, анан интернетке жүктөп койсом, көз артып буюртма бергендер болду. Кийинчерээк бул талантымды өркүндөтөйүн деп жатам.

© Фото / из личного архива Фархата КосимоваФархат Косимов: келечекте каскадерлорду тарбиялаган база ачкым келет
Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем - Sputnik Кыргызстан
Фархат Косимов: келечекте каскадерлорду тарбиялаган база ачкым келет

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Учурда Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын жардамы менен Сауд Аравиядагы Төө фестивалына камынып жатабыз. Мен сегиз кишиден турган фаер-шоуну алып барам, ошондой эле "Азия жигиттери" каскадерлор тобунун өкүлү катары жөнөйм.

Быйыл Венгрияда Аттиланын күнү белгиленет деп курултайга чакырып жатышат. Россияда бир катар мелдештер өтөт. Ал эми келечекте каскадерлорду тарбиялаган база ачкым келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0