ИИМ кодекстерге кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин тизмектеп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликке тиешелүү болгон айрым милдеттер кайта кайтарылды.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге киргизилген толуктоолорду тизмектеп берди.

Белгилей кетсек, "КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы жана КР айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамына, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүү киргизилип, айрым кемчиликтер жоюлган.

Кайсы кемчиликтер оңдолду:

Рейды по выявлению авто с незаконной тонировкой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Терезесин караңгылатып алган айдоочуларды кайра ЖКККББ тескемей болду
Коопсуздук курун шаар ичинде жана шаар аймагынан сырткары жерде тагынбагандарга бирдей айып пул каралат;

Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга салынган айып пул бирдей тартипке келтирилди. Баштапкы кодекс боюнча айдоочу мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда 5500 сом, ал эми күбөлөндүрүүдөн өтсө, 17 500 сом каралчу. Азыр бардык учурда 17 500 сом айып пул салынат;

Жеке жактарга жана юридикалык жактарга бирдей айып пул салуу киргизилди;

Эгерде салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, анда анын 50%ы гана төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0