Бишкектин жарымы суусуз калат. Тизме

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүСуу краны. Архив
Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия Бишкек шаарынын эртең менентен тарта кечке чейин ичүүчү суу болбой турчу аймактарын атады.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 2-мартта Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Гагарин" суу тосмосуна электр энергиясын берүүчү Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы Жаңы Түштүк көмөк чордонунда оңдоо иштерин жүргүзөт.

Андыктан саат 9:00дөн 17:00гө чейин Лев Толстой, Жунусалиев, Айни жана Чайковский көчөлөрүнүн аймагында таза суу өчүрүлөт.

Суу болбой турчу ишканалардын тизмеси:

  • Ленин районунун Аскер комиссариаты;
  • ИИМ мекемеси;
  • №55 мектеп;
  • "Яшар" ЖЧКсы;
  • "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын Гагарин көчөсүндөгү казан меши;
  • Жер иштетүү институту;
  • №5 мончо;

Андан сырткары, "Кока-Кола", "Тамга-Таш ЛТД", "Лина", "Кыргызконьягы", "Комбинат" ишканаларында суунун басымы азаят.

Жаңылыктар түрмөгү
0