Талгактан улам кээде бойдон алдырышат. Гинеколог менен маек

© AFP / ULISES RUIZСитуация с мигрантами в Мексике
Ситуация с мигрантами в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айнура Кушубекова — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу. Маектешибиз "Биз – ата-энебиз" рубрикасынын алкагында балалуу болууга камылга жубайлардын медициналык текшерүүдөн өтүүсүнөн башталарын, кош бойлуулукка даярдык көрүү жана буга байланышкан оголе көп нерселерди айтып берди.

Тилекке каршы, Кыргызстанда көпчүлүк айымдар кош бойлуулукту көп этибарга ала беришпейт, ана төрөйм, мына төрөйм деп калганда араң каттоого турушат. Төрөткө чейин таптакыр гинекологго көрүнбөй, бойго бүтүрүүдөн мурун доктурга баруу зарыл экендигин элес алышпайт. Болочок ата-энелер эмнеликтен адистердин текшерүүсүнөн өтүшү керектиги, кош бойлуулуктун кайсы айында каттоого туруу дурус экени, талгак болуу деген эмне, анын кандай кооптуу тарабы бар экендиги тууралуу биз Айнура Кушубекова менен сүйлөштүк. 

© Фото / предоставлено Айнурой КушубековойЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Айнура Кушубекова
Талгактан улам кээде бойдон алдырышат. Гинеколог менен маек - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Айнура Кушубекова

— Айнура Касымовна, бала күтүүгө ашыккан жубайлар биринчи кезекте эмне кылууга тийиш?

— Ата-эне болууга даярдык бир ай мурун эмес, жарым жыл мурун башталганы оң. Бул маалда алар толук медициналык текшерүүдөн өтүшү шарт. Эгер кандайдыр бир оору аныкталса, аялдын боюна бүтүп жана аны тогуз ай көтөрө ала турганын тастыктагандай дарылануусу зарыл.

— Кайсы анализдерди тапшыруу керек?

— Адаттагыдай эле кандын жалпы анализи (тагыраак, гемоглабиндин деңгээлин текшерүү), бөйрөктөрдүн абалын билүү үчүн зааранын жалпы анализин тапшырып, эгерде алгачкы кош бойлуулук болсо, сөзсүз кандын тобун аныктоо зарыл. Ошондой эле ооруган тиш инфекциянын негизги булагы экендигин эске алуу менен болочок эне тиш доктурга да көрүнүүсү абзел. Жүрөгү, көрүүсү чабал болсо, адистер менен бул дарттары тууралуу кеңешүүгө тийиш.

Координатор церемонии открытия и закрытия Всемирных игр кочевников Дарика Асылбашева - Sputnik Кыргызстан
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом
Бөйрөктөргө чоң күч келет, мындан улам аялдын бөйрөктөрүндө мандем бар-жогун тактап алуу маанилүү. Анан, албетте, гинекологго барып, инфекцияларга (герпес, хламидиоз, ж.б.) мазок тапшыруу зарыл.

Ошондой эле цитомегаловируска да текшерилүү керек, бирок бул вирустук инфекцияны анын курч убагында гана аныктоого мүмкүн болот. Аталган инфекция аныкталса да кош бойлуулуктун алдында аны дарылоонун зарылдыгы жок.

— Болочок ата кайсы доктурларга көрүнүп, кандай текшерүүдөн өтүүгө тийиш?

— Эркек киши да кан анализин тапшырып, урологго көрүнүшү керек. Жубайынын анализдеринин жыйынтыгына жараша өзүнүн бел суусу, мазок анализин тапшырат. Жубайы да, жолдошу да бир убакта дарыланганы өтө маанилүү. Бул гинекологиялык жана урологиялык дарылоодо милдеттүү шарт.

— Кош бойлуулукка дейре дагы кандай анализдерди тапшыруу зарыл?

— Иш жүзүндө РВ, ВИЧке (СПИД) анализдер боюнда бар аял каттоого турган убактан тарта тапшырылат. Тышкы миграциядан улам өлкөдө ВИЧ (СПИД) көйгөйү өтө курч. Ошол себептен бойго бүтөрдөн мурун анализдерди тапшырган оң. Негизи эле алдын алуу үчүн СПИДге, ошондой эле гепатит вирусуна жыл сайын канды текшертип туруу керек. Аялдар маникюр, педикюр өңдүү косметологиялык процедураларга көп баргандыктан, эгер гигиеналык ченемдер сакталбаган болсо, алеки саатта ар кандай инфекциялык ооруларга кабылып калышы ыктымал.

— Кош бойлуу кезде аял кайсы витаминдерди ичиши керек?

— Бойго бүтүрөрдөн үч ай мурун фолий кычкылын колдоно баштоо кош бойлуулукка даярдыктын милдеттүү баскычтарынан. Көбүнесе биздин аялдар аталган витаминди бойго бүткөндөн кийин же төрөткө аз ай калган убакта иче башташат. Фолий кычкылы кош бойлуулуктун алгачкы үч айында чоң роль ойнойт. Анткени бул убакта баланын эң маанилүү органдары түзүлөт. Бул витаминдин өз маалында ичилиши түйүлдүктүн, ошону менен катар эле баланын акылынын өнүгүшүнө жооп бере турган борбордук нерв тутумунун тубаса кемтигин алдын алат.

Назначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган
Фолий кычкылынын баасы да арзан, дарыканалардан сатып алууда врачтын рецеби талап кылынбайт. Гинеколог зарыл ченемди белгилеп, анамнезге жараша ичүү схемасын жазып берет. Аталган витаминди дары түрүндө гана эмес, азык-түлүк менен да алууга болот. Мисалы, ал шпинат, брокколи, кивиде да камтылат.

Башка зарыл витамин — йодомарин. Бийик тоолуу аймактабыз, андыктан, бизде калкан безинин дарттары көп кездешет. Анан да биз деңиз азыктарын: балык, деңиз капустасын колдонууга анча көнбөгөн калкпыз. Албетте, йоддолгон туз бар, бирок аны сактоо эрежелери сакталбагандыктан, дайым эле анда йод тийиштүү өлчөмдө боло бербейт. Ушул себептен витаминди кошумча ичкен оң. Ошентип кош бойлуулукка дейре йодомарин, фолий кычкылын колдонуу маанилүү, аны 12 жума болуп калганда токтотууга болот.

— Каттоого туруу үчүн кайсы медициналык мекемелерге кайрылуу керек?

— Жашаган жери боюнча каттоого туруу зарыл, бул — кош бойлуу аялга милдеттүү талап. Бул үчүн Үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ) ачылган, анда гинеколог, педиатр жана терапевт бар. Гинеколог болочок энени көз жарар маалга чейин карайт, андан соң ошол участокту тейлеген төрөт үйүнө жиберет.

Аймактарда деле ушундай жагдай. Ал жактарда да ҮМБ, эгер кыштак чакан болсо, анда фельдшердик пункттар (ФАП) бар. Ошол жакка каттоого туруп, тийиштүү анализдерди тапшыруу керек. Эгер кош бойлуу аялдын ФАПта дарылай албаган көйгөйү болуп калса, анда бейтапты райондук ооруканага жөнөтүшөт. Ал жактан диагнозго жараша облустук ооруканага, ал жактан кийин бизге, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишет.

— Документи боюнча башка жерде катталып, бирок өзү башка даректе жашаса, кош бойлуу аял кантип каттоого турат?

Юрист жана Аутизмди жеңебиз! фондусунун түптөөчүсү Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан
"Өзгөчө" баланын энеси: жакшынакай чоңоюп келе жаткан уулум кокустан өзгөрдү…
— Ооба, Кыргызстанда ички миграция күч, андай көрүнүштүн айынан көп аялдар каттоого турбай, толгоосу келгенде кайда барарын билбей калат. Эгер кош бойлуу аял Бишкекте батир ижаралап, бирок документи боюнча айылда катталган болсо, шаардык бейтапканалардын бирине каттоого турууга эч бөгөт жок. Анүчүн шаардагы жашаган дареги боюнча үй башкармалыгына, үй комитети, кварталдык өкүлгө кайрылып, ырастама катын алуу керек. Баса, андай документти коммуналдык кызматтарга болгон карыздан улам бербей жатышканын айтып көп даттанышат. Бул мыйзамга сыйбайт, эч кандай карыз кош бойлуу тургунга ырастама катын бербей коюуга негиз болуп бере албайт. Мындай кырдаал жаралса, ал жогорку инстанцияларга арыз менен кайрыла алат.

— Кайсы мөөнөттө каттоого турган оң?

— Адатта 10-12 аптадан кийин. Ага дейре врачтар кош бойлуулуктун кандай өтүшүнө гана көз салат. Алгачкы үч айлыкта бойдон түшүү, өспөй калган түйүлдүк же каканактын (хориондун) туура эмес калыптанышы өңдүү көйгөйлөр болушу мүмкүн.

— Талгак тууралуу айтып берсеңиз.

— Талгак (токсикоз) көңүлү айнуу, кусуу, шайы кетүү, уйку басуу менен коштолот. Эмнеге мындай болот? Бул хорион гормонунун таасири, ал бардык органдарга, анын ичинде нерв тутумуна да таасир этет, ушундан улам кош бойлуу аял жыттарды көтөрө албайт. Көңүл айнууну жеңилдетүү үчүн тамакты мүнөздөп жеши керек.

Эгер ал бир күндө беш ирет куса берсе, анда врачка кайрылуу керек, зарыл учурда ал капельница жазат. Эгер аялдын мындай абалы күнүнө ондон ашык жолу кайталанса, анда ал инфузиялык дарылоого (инфузиялык терапияга) стационарга жаткырылат. Кечке эле куса берсе, анда бойдон алдырууга туура келген учурлар болот, себеби аялдын алы кетет, анализдер жаман чыгат. Андан ары да аялдын абалы начарлай бергендиктен, ал түйүлдүктү мөөнөтүнүн акырына чейин көтөрүүгө алы келбейт.

— Кышында, сасык тумоо күч алган убакта, бойго бүтсө кандай сактануу керек?

Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек
— Кош бойлуулар айрыкча күн суукта вирустук инфекцияларга көп кабылат. Адатта алгачкы үч айлыкта вируска каршы дары-дармекти, маселен, антигриппинди ичүүгө болбойт. Биз суюктукту, мисалы, малина, бал, лимон кошулган чайды көбүрөөк ичүүгө кеңеш беребиз, бул – табигый антигриппин. Жылуу жүрүп, тамакты чайкап туруу зарыл. Бул мезгилде көбүнесе чөптөн жасалган каражаттар жазылат. Эгер үч-төрт күндө жакшы боло албаса, дене табы жогору бойдон турса, абалы начарласа, өтүштүрүп жибербөө үчүн терапевт менен антибиотиктерди тандоо боюнча кеңешүү талап кылынат. Эч качан дарыканадан кеңеш алууга болбойт, дарыканачы өзү билип кеңешин айтып, дары берген учурлар көп кездешет. Дарыканачы дары жазууга акысы жоктугун эстен чыгарбаңыздар. Бейтаптарга ал "врачка баргыла, ал жазган дарыны сатып аласыз" деп гана жооп берүүсү шарт. Анткени кош бойлуу кезде таптакыр ичүүгө болбой турган, же тескерисинче, уруксат берилген дары-дармектер да болот.

— Эгер аял боюна бүткөндөн үч ай аралыгында сасык тумоого кабылса, анын кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

— Ар кыл нерсе болушу мүмкүн, бойдон түшүп, түйүлдүк өспөй калып же бала кандайдыр кемтиктери менен төрөлүшү ыктымал.

— Кош бойлуу кезде иштеп жүргөн аялдарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Эгер жумуш оор нерселерди көтөрүү, түнкү кезмет жана химиялык жыттар менен коштолсо, анда иштен кетүүгө туура келет. Кош бойлуу убакта таза абада көп жүрүү керек. Кеңседе иштесе, тез-тез тыныгып туруу зарыл. Көпкө отуруу аябай оор, улам кыңкайып жата туруу жакшы. Соңку айларында кош бойлуулар үчүн атайын кур тагынуу оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0