ИИМ: элдин колунда мыйзамдуу берилген 40 миңге чукул курал бар

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан курал-жарак алууга 30 812 кишиге уруксат берилген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күнү 30 812 кишиге 39 872 курал-жарак мыйзамдуу түрдө берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Бүгүн депутаттар "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууда кабыл алынды.

Депутат Бактыбек Турусбеков элге мыйзамдуу берилген курал-жарактын эсеп-чотун сурап, элге берилип кеткен курал-жарактын саны көп эмеспи деп сурады.

Орозалиев жалпысынан 30 812 кишиде мыйзамдуу түрдө курал-жарак бар экенин айтты.

"30 812 кишиде 39 872 курал-жарак бар. Айрымдарында экиден, кээсинде үчтөн. Булардын бардыгы расмий маалыматтар", — деди министрдин орун басары.

Өз кезегинде Турусбеков курал-жарактын ээси жөнүндөгү маалымат ачык болушу керектигин айтты. Бирок ИИМ башчысынын орун басары бул купуя сыр болгондуктан, ачык булак болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0