Бекешев: өзүн мыйзамдагы ууру, "смотрящий" дегендерди жоопко тартуу керек

Жазылуу
Депутат Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү көбөйгөнүн жана аларды ооздуктоо үчүн мыйзам кабыл алуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев азыркы тапта Россиянын Мамдумасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканын айтып, ушундай мыйзам долбоору Кыргызстанга дагы керектигин айтты.

Депутаттар бүгүнкү жыйында ар кандай маселелерди да карашууда.

"Алар (Россия — ред.) кримавторитеттер менен күрөшүүнү жолго коюп жатат. Эгер кимдир бирөөнүн "мыйзамдагы ууру", "смотрящий" деген статусу бар болсо, ал кылмыш катары эсептелип, жоопко тартылат. Бизге дагы ушундай мыйзам керек. Азыр өкмөттүн алдында ведомстволор аралык комиссия жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жатышат. Ошолорго тапшырма берсек, алар да ушундай мыйзам долбоорун жазса", — деди Бекешев.

Кыргызстанда кылмыш кылгандар кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кылмышты ким жасайт. Криминал боюнча статистика
Эл өкүлү ошондой эле Грузия да учурунда ушундай мыйзамды кабыл алып, "пахандардын" баары Россияга качып кетишкенин билдирди.

"Эгер биз ушундай мыйзам кабыл албасак, ошол эле "пахандар" бизге келет. Биз тез арада мыйзам долбоорун иштеп чыгып кабыл алсак туура эле болот. Себеби бизде да кылмыштуу топтун мүчөлөрү көбөйдү. Эми алардын "разборкалары" болот деп жатат", — деди депутат.

Бекешев мындай мыйзам долбоору Кыргызстанга керектүү экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0