БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Сауд Аравиясында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалына катыша турган кыргызстандыктардын чыгымын чакырган тарап көтөрөт. Бул тууралуу Этнооюндар дүйнөлүк федерациясынын президенти Асхат Акибаев билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык таланттар колго жасалган буюмдарын сатып каражат дагы таба алышат.
"Этнофестивалга катышуу үчүн кыргызстандыктар бир сом коротпойт. Бардык чыгымды Сауд Аравия өз мойнуна алып жатат. Биздикилер ал жактан көчмөндөрдүн укмуштуудай буюмдарын сатып каражат дагы таба алышат", — деди ал.
Иш-чара 9-23-март аралыгында өтөт. Анда ыр, бий көрсөтүлүп, каскадерлор өнөрлөрүн тартуулайт. Ошондой эле коноктор салбуурун, көк бөрү оюндарына күбө болушат.
Кыргыз тараптан этнофестивалды уюштурууга Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы жардамдашууда. Алар Кыргызстанга эң көп квота алууга (1000 адам) жетишти.