Сагынбаев: Баткенге азыр террорчулар кире албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКоопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен согушунда террорчулар кол салуу үчүн ыңгайлуу маалды тандап алышкан. Ал учурда Кыргызстан чек ара коопсуздугу боюнча системаны жаңыдан куруп баштаган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Террорчулардын бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жол берилбейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Террорчулукка каршы күрөшүү — жалпы милдет. Баткен окуяларынын Кыргызстан жана ЖККУ үчүн сабактары" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, 1999-жылы Кыргызстан чек араны коргоону Россиядан өткөрүп алып, жаңыдан өз системасын түзө баштаган. Өлкөдө чек ара маселесин тескеген бирдиктүү орган жок болчу. Ал учурда Баткен башка аймактардан артта калган регион эле. Өзбекстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны коргоого анча басым жасаган эмес. Террорчулар дал ушул шарттан пайдаланып кетишкен.

"Тарыхка айланган ал окуяларга саресеп салып, бүгүнкү күндө андайга жол берилбей турганын ишенимдүү айтууга болот. Азыркы тапта Кыргызстандын күч структурасын өнүктүрүү үчүн көп нерсе жасалды", — деди Сагынбаев.

История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Биз жыртык өтүк, согушкерлер Аdidas кийип жүрчү... Баткен жоокерлеринин маеги
Коопсуздук кеңешинин катчысы бул үчүн мамлекеттик чек ара бекемделип, Баткен облусун ар тараптан өнүктүрүүгө басым жасалганын айтып берди. Мындан тышкары, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу үчүн мамлекеттер аралык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Сагынбаев Кыргызстан жана башка өлкөлөр "Кант" авиабазасы тарабынан авиациялык колдоого ээ экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0