"Коопсуз шаар": марттын ортосуна чейин дагы 10 камера орнотулат. Тизме

Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында Шабдан баатыр менен Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөргө да камера коюлат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаарына "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында 12-мартка чейин дагы бир катар көчөлөргө камера коюлат. Бул тууралуу мамлекетттик Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, камералар Бишкектеги тогуз көчөнүн кесилишине жана Бишкек — Ош, Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Торугарт автожолдоруна коюлат.

Бишкектин камера орнотула турган көчөлөрү:

  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Чүй — Манас;
  • Чүй — Павлов;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Байтик баатыр — Горький.

Андан сырткары, Шабдан баатыр менен Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөргө да камера коюлат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабында Бишкек шаарындагы он көчөнүн кесилишине камералар орнотулган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0