Бишкектеги Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын жээги тыкыр көзөмөлдөнөт

Жазылуу
Бала бакчаларда, мектептерде, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштер аткарылып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, борбор калаанын Свердлов районунда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"2019-жылдын январынан тарта азыркы кезге чейин Свердлов районунун жарандык коргоо бөлүмү аймактагы тургундарды жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү коркунучтардан коргоо жана турак жайларда өрт чыгышынын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп келет", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы Коопсуз шаар долбоорунун алкагында жол чырактарга кошумча секцияны жана жол белгилерин орнотууну аяктады - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол чырактарга кошумча секция коюлуп, жол белгилери толукталды
Андан сырткары, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээгиндеги коркунуч жарата турчу аймактар тыкыр көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле бала бакчаларда, мектептерде, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана жашоочулар арасында инструктаж, лекция өтүлгөн.

Мэрия шаар тургундарын "турак жайды өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамды сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0