"Алатай" паркындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ Территория природного парка “Алатай”
Территория природного парка “Алатай” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш паркында доңуздар көбөйгөнү байкалууда.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө. Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында алты байкоочу камера Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган.

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХКыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө.
Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө.
© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз.
Мындай бүтүм жасоого Алатай жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз.
© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ Үстүбүздөгү жылдын январь айында алты байкоочу камера Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында алты байкоочу камера Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үстүбүздөгү жылдын январь айында алты байкоочу камера Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган.
1/3
Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө.
2/3
Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз.
3/3
Үстүбүздөгү жылдын январь айында алты байкоочу камера Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган.

Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, жаратылыш паркынын аймагынан жапайы жаныбарлардын дээрлик бардык түрүн кезиктирүүгө болот.

"Белгилей кетчү жагдай, "Алатай" паркында доңуздар көбөйгөнү байкалууда", — деп айтылат маалыматта.

Жаныбарлар байырлаган "Алатай" жаратылыш паркынын жалпы аймагы 56 миң 826 гектар. Ал жерден Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, аюу, суусар сыяктуу жаныбарларды кезиктирүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0