Ошто коомдук транспорт электрондук билеттерди кабыл ала баштады

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭлектрондук билет. Архив
Электрондук билет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн шаарга терминалдар орнотулду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февралда, Ош шаарында коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган система ишке кирди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда шаардагы №1 багыттагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл алып жатат.

"Ушул жуманын аягында троллейбустун №2 багыты, ал эми март айында коомдук автобустарда жаңы система ишке кирет. Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Картаны алуу учурунда паспорт, ал эми ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт", — деп айтылат маалыматта.

Вега компаниясынын өкүлү Сергей Долгополов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аймактарга орнотулган Автокайгуул радар комплекси кантип иштээрин түшүндүрүп берди - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы жол эрежелерин бузууларды карап турчу радарлар. Сүрөт
Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Тагыраагы, ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон, ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт.

Учурда электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында "Элсом" электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоого мүмкүн болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0