Кувейт телеканалдары Кыргызстан жөнүндө берүүлөрдү көрсөтөт

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРТуристическое мероприятие Silk Road Show: Kyrgyzstan-Kuweit в Эль-Кувейте
Туристическое мероприятие Silk Road Show: Kyrgyzstan-Kuweit в Эль-Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кувейттин жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан тууралуу сюжеттерди тартып, өз каналдарынан көрсөтүшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Салбуруун оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндүн духу! Кыргызстандан 1000ге чукул өнөрпоз Сауд Аравияга барат
Белгилей кетсек, Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жаманкулов эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү программага кол койду.

"Жакын арада Кувейт ЖМКларынан Кыргызстан жөнүндө берүүлөр көрсөтүлөт. Мындан тышкары, министр Кувейт мамлекетиндеги алдыңкы туристтик операторлор менен жолугушуп, Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрүү максатында пикир алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ушул эле иш-чаранын алкагында Эль – Кувейт шаарында өтүп жаткан Silkroad show: Kyrgyzstan-Kuwait жарманкесинде Кыргызстандын көргөзмөсү биринчи орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0