Ишкерлер, студенттер... Экс-премьерлердин балдары эмне менен алек. 2-бөлүм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков. Архив
Экс-президент жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өкмөт башчылардын көбүнүн уул-кыздары бизнесте, бирок мамлекеттик кызматта жүргөндөр дагы жок эмес. Анткен менен айрымдары премьерликке келгенде балдарынын карьерасына чекит коюлган учурлар болгон.

Буга чейин премьерлердин балдары тууралуу макаланын биринчи бөлүгү чыккан. Бул жолу экинчи жана акыркы бөлүгүн сунуштап отурабыз.

Кыргызстанда канча өкмөт башчы болгон

Убактылуу өкмөттү башкарган Роза Отунбаеваны кошкондо Мухаммедкалый Абылгазиев КРдин 23-премьер-министри. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев министрлер кабинетин эки иреттен жетектеген. Бул эсепке кыска убакыт премьердин "милдетин аркаруучулар" алынган жок.

Макаланын экинчи бөлүгүндө калган 10 өкмөт башчынын балдары тууралуу кеп кылабыз.

Алмазбек Атамбаев (29.03.2007 — 28.11.2007 жана 17.12.2010 — 1.12.2011)

© Фото / пресс-служба премьер-министра КРАлмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев

Экс-президент жана мурдагы өкмөт башчынын эки никесинен алты баласы бар. Улуу уулдары бизнесте. Сейтек — электр жабдыктарын өндүргөн "Автомаш-Экол" ишканасынын негиздөөчүсү. Сейитбек — электр энергиясын сатуу менен алектенген "Автомаш-Энерго" ЖЧКсынын теңата түптөөчүсү жана жетекчиси. Тун кыздары Диана жана Динара жөнүндө маалымат аз. Динара Атамбаева 2003-жылы Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановго турмушка чыккан. Жеке ишкерлик менен алек.

Ал эми Диана Атамбаева "РСК банктын" азыркы жетекчиси Азизбек Өмүркуловдун жубайы болгон. Азыр эки ача жолдо.

Кадыр Атамбаев Түркияда билим алган. Төрт жыл мурда анын "Улуттун жанданышы. Экономикалык пассионардуулуктун теориясы" аталган илимий эмгеги жарык көргөн.

Кенже кызы Алия Шагиева коомчулукка көбүрөөк белгилүү, өзү сүрөтчү. Учурда бир уул, бир кыздын апасы.

Игорь Чудинов (24.12.2007 — 21.12.2009)

© пресс-служба политпартии "Бир бол"Игорь Чудинов
Чудинов Игорь Витальевич - Sputnik Кыргызстан
Игорь Чудинов

Көзгө басар жалгыз уулу Родион Москва шаарында жашап, газ тармагында эмгектенерин Чудинов өзү жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде айткан. Ал Бельгия университетин "газ кендерин чалгындоо" адистиги боюнча аяктаган.

Данияр Үсөнов (21.12.2009 — 7.04.2010)

© AFP / JACQUESCOLLETДанияр Үсөнов
Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Үсөнов

Данияр Үсөновдун эки уулу бар. Ысымдары — Мурат жана Урмат. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Мурат Үсөнов "Майрам Групп" рекламалык агенттигинин жетекчиси. Ошол эле маалымат булагында Урмат Үсөнов "М энд Компани" компаниясын башкарары айтылат. Данияр Үсөнов өзү Даниил Урицкий деген ат менен Украинада бизнес кылып жүрөт.

Роза Отунбаева (7.04.2010 — 17.12.2010)

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоза Отунбаева
Встреча Дмитрия Медведева и Розы Отунбаевой в Астане - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов активист, ишкерлик менен алектенет. 2016-жылдын аягында жеке каражатынан Бишкектин бир катар жерлерине шаардагы көчө аталыштары жазылган тактачаларды илген. Бул аракети менен калаа бийлигинин каарына калган. Анын карындашы Карачач ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, Лондондо жашайт.

Өмүрбек Бабанов (23.12.2011 — 1.09.2012)

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Бабанов
Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов

Бабановдун бир уулу, үч кызы бар. Улуу кызы Айпери — Англия өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Уулунун аты — Нурэмир. 2018-жылы Бишкектеги орто мектепти артыкчылык менен аяктап, Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификатка ээ болгон. Кийин бул документти өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан алган. Бирок ал сертификатты пайдаланбай, чет өлкөлүк ЖОЖдордун биринде инженер кесиби боюнча билим аларын айткан.

Жантөрө Сатыбалдиев (5.09.2012 — 25.03.2014)

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүЖантөрө Сатыбалдиев
Д.Медведев и Ж.Сатыбалдиев встретились в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев

Сатыбалдиевдин үч уулу жана бир кызы бар. Бир нече жыл мурун ал премьер-министр болгондо эки уулу мамлекеттик кызматтан четтеп, бизнеске өткөнүн өзү айткан. Кызы Асел Нурматова жергиликтүү авиакомпаниялардын бирин негиздеген. Дагы бир уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштеп жүрүп, атасы камакка алынганда өз эрки менен кызматтан кеткен.

Жоомарт Оторбаев (25.03.2014 — 1.05.2015)

© Sputnik / Табылды КадырбековЖоомарт Оторбаев
Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Оторбаев

Коомдук ишмер төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Балдары чет өлкөдө билим алышкан. Уулу Курманбай менен кызы Сайна "Кемин" чакан насыя берүү компаниясын негиздешкен. Мындан тышкары, Курманбай Оторбаев былтыркы жылдын май айында "Айчүрөк" борбордук дүкөнү" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Темир Сариев (1.05.2015 — 13.04.2016)

Жубайы Айжан Сариева экөө бир кыз, бир уулдун ата-энеси. Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, учурда жеке ишкерлик менен алек. Уулу Бекболот — мектеп окуучусу.

Сооронбай Жээнбеков (13.04.2016 — 22.08.2017)

Жээнбеков премьерлик кызматтан президенттик шайлоого катышып жаткандыктан баш тарткан. Азыркы өлкө башчы эки баланын атасы. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти. 2016-жылы депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабекке турмушка чыккан. Жолдошу азыр өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси. Ал эми президенттин уулу мектеп окуучусу.

Сапар Исаков (25.08.2017 — 19.04.2018)

Учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалып турган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кичинекей төрт кызы бар. Төртүнчү кызы 2017-жылы жарык дүйнөгө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0