6-кабаттан секирип кеткен кыздын абалы айтылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүн кыюуга аракет кылган кызды милиционерлер тосуп алган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Тунгуч" кичирайонундагы үйлөрдүн биринин 6-кабатынан секирип кеткен кыздын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, окуя 20-февраль күнү болгон. Милицияга көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирүүгө камынып жаткан кыз боюнча маалымат саат 14.20да түшкөн. ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачып киришкени менен кыз эпке келбей секирип кеткен. Аны жерде килем жайып турган милиционерлер тосуп алган.

"Абалы оор. Бирок эсине келди", — дешти маалымат кызматтан.

Жабырлануучу Бишкектеги №3 балдар клиникасында.

Кыз ушул жылдын май айында 18ге толот. Учурда тийиштүү тараптар окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0