19:53 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1888 0 0

Түшкү тамакты ичип, түнөп, маанилүү делген сүйлөшүүлөрдү кадимки эле мамлекеттик резиденцияда жүргүзө аласыз. Бул сиздин деле колуңуз жете турган нерсе.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы — стратегиялык маанидеги жай, президенттен тарта мамлекеттик маанилүү кызматта турган адамдар жашайт. Ал жердеги иш-чараларда өлкөнүн, элдин тагдыры чечилет, оңой эмес маселелер талкууланат. Мындан тышкары, башка мамлекеттердин президенттерин, премьер-министрлерин жана министрлерди кабыл алуучу жай болуп саналат. 

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылган. Алар мамлекеттик резиденция бир катар акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөрүн, залдарды жана номерлерди ижарага алууга болорун айтышкан. 

"Ала-Арчанын" кызматтардын баасын билдирген кагазын карап чыгып, президент жана премьер-министрдин иш башкармалыгына караган мамрезиденциянын админитсрацияна сурам жөнөттүк. Баалар жазылган баракчада конференцияларды өткөрүп, ал тургай чакырылган конокторду ал жерге жайгаштырса болору кабарланган.

"Коопсуздуктун сакталышына берилген кепилдик келген коноктор үчүн ишенимдүү болуп, тынч жана ыңгайлуу жайгашуусуна шарт түзөт", — деп айтылган кардарларга берилген сунушта.

Большой зал со столами в доме приемов в госрезиденции Ала-Арча
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Мамлекеттик резиденция тамак-аш менен да акча табат. Мисалы, коноктор үчүн түшкү тамактын алты түрү, кечки тамак жана кофе-брейк каралган

Конференцияларды өткөрүү

Бул үчүн конференц-залды же конокторду кабыл алган "Энесай" үйүндө чакан топтордун сүйлөшүүсүнө шарт түзгөн жайды киреге алса болот. Мындан сырткары, Конгресс-Холл же бир нече конок үйлөр бар. Ага кошумча, конокторго сый тамак берген банкет залын тандасаңыз болот. Баасы 4000ден 50 миң сомго чейин. Маселен, "Энесайдагы" 400 киши сыя турган Банкет-Холлду киреге 50 миң сомго ала аласыз.

Тамак-аш

Мамлекеттик резиденция тамак-аш менен да акча табат. Мисалы, коноктор үчүн түшкү тамактын алты түрү, кечки тамак жана кофе-брейк каралган. Ошондо бир кишиге 850, 750 жана 350 сом кетет.

Мебель в доме приемов в госрезиденции Ала-Арча
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Конок кабыл алган тарап конференциянын катышуучуларына конок үйлөрдөн да орун сунуштайт

Түнөп калсаңыз

Конок кабыл алган тарап конференциянын катышуучуларына конок үйлөрдөн да орун сунуштайт.

Баасы төмөнкүдөй:

  • аппартаменттер — 15 миң сом;
  • люкс — 10 миң сом;
  • стандарттуу орундар (эки кишиге ылайык) — 8 миң сом;
  • жарым люкс жана стандарт — 5 миң сом.
Большой зал в доме приемов в госрезиденции Ала-Арча
© Sputnik / Эркин Алымбеков
№1 мамлекеттик резиденция конференция жана тегерек столдордун катышуучуларынын түнөөсү үчүн кызматтарды көрсөтөт

Мамлекеттик резиденцияга баары кире алабы?

Жөнөтүлгөн сурамга администрация Иш башкармалыгы уруксат бергенден кийин мамлекеттик органдар расмий жана ишкерликке байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө укуктуу деп жооп берди. Банкет залдары кечки жана түшкү тамак, кофе-брейк, ошондой эле расмий кабыл алуулар үчүн берилет. 

"Үлпөт той, маараке жана башка той-топурлар өткөрүлбөйт", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, №1 мамлекеттик резиденция конференция жана тегерек столдордун катышуучуларынын түнөөсү үчүн кызматтарды көрсөтөт. Ал эми жеке мүнөздөгү иш-чараларга уруксат берилбей турганы айтылды.

Ал эми киши эч кандай иш-чара уюштурбай, резиденцияга барып жөн эле жатып кетүүгө болбой тургандыгын эскертишти.

Тема боюнча

Дамир уулу: быйыл 20га чукул тарыхый жайлар оңдоп-түзөөдөн өтөт
Белгилер:
конок, конференция, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ