Депутат: мамлекеттик сыйлыктар бийликке жагынгандарга берилип жатат

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат ЖК Садык Шер-Нияз
Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Садык Шер-Нияз мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясы бардыгын өзү билип, тескеген орган болуп алганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мамлекеттик сыйлыктар менен наамдар чынында маданиятты, илимди көтөргөндөргө эмес, жетекчилердин тилин тапкандарга берилип жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун талкуулашты. Ал биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эл өкүлү ошондой эле мамлекеттик жогорку сыйлыктар акыркы кезде саясатчыларга көп ыйгарылып жатканын белгиледи.

"Мамлекеттик сыйлыктарды элге кызмат өтөгөндөргө эмес, бийликке кошомат кылып, жагынып сүйлөгөндөргө берип жатасыңар. Буга кандай карайсыз?" — деп депутат президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаевага кайрылды.

Ал өз кезегинде президенттин чыгарган буйругуна түшүндүрмө бере албастыгын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Икрамов төш белги боюнча: агартуу тармагында иштебесем да эмгегим бар
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу Конституцияга ылайык президенттин укугу. Чыккан буйруктарга мен түшүндүрмө бере албайм. Эгерде туура эмес берилип жатат десеңиз, ал сиздин жеке оюңуз. Келип түшкөн документтерди комиссия иликтеп чыгат. Анан өзүнүн чечимин президентке сунуштайт", — деди Сманбаева.

Депутат Садык Шер-Нияз мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясы бардыгын өзү билип, тескеген орган болуп алганын белгиледи. Андан сырткары, эгер буга чара көрүлбөсө, коррупциянын үлгүсүнө айланып кетиши ыктымалдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0