Бишкектин бир катар бөлүгү жарыксыз калды

© AFP / Mohammed SAWAF Церемония Шаабания в Ирак
Церемония Шаабания в Ирак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Абдыкалыков" подстанциясында авария болгондуктан электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураганы айтылды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүнө жарык берүү токтотулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

"Бишкек сегодня" Telegram тайпасында калаа тургундары "Асанбай, жетинчи, сегизинчи, онунчу, он экинчи кичирайондордо жарык өчкөнүн жазышууда.

"Түндүкэлектр" ишканасы маалыматты ырастап, "Абдыкалыков" подстанциясында авария болгонун кабарлады.

"Асанбай", 7, 8, 9,10,12-кичирайондордо жана Медициналык академиянын аймагында жарык жок. Учурда биздин кызматкерлер биринчи кезекте ооруканаларга жарык берүү үчүн иштеп жатышат", — дешти "Түндүкэлектр" ишканасынан.

Аталган подстанция "Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасына карайт. Алар "маалыматты тактайбыз" деп убада беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0