10:09 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Кыргыз балетинин ийгилиги жана жетишкендиги атактуу балетмейстер, таланттуу бийчи Уран Сарбагышевдин архивдик сүрөтү

Кыргыз балетинин ханзаадасы. Балетмейстер Уран Сарбагышев тууралуу 6 факты

© Фото / из семейного архива Сарбагышевых
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (317)
1008 0 0

Кыргыз балетинин ийгилиги жана жетишкендиги атактуу балетмейстер, таланттуу бийчи Уран Сарбагышевдин ысымы менен ажырагыс байланышта. "Кыргыз балетинин ханзаадасы" атыккан Сарбагышев сахнада жараткан ролдору үчүн бир гана СССРдин эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун сүйүүсүнө татыган.

Кыргыз балетинин эң негизги жүздөрүнүн бири болгон Эл артисти Уран Сарбагышев 2012-жылы 19-февралда 78 жашында дүйнө салган. Sputnik Кыргызстан легендарлуу балетмейстер, режиссер жана педагог тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Тубаса талант. Уран Сарбагышев 1934-жылы 11-ноябрда Фрунзе шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы режиссер, актер катары театрда кызмат өтөсө, апасы да актриса болгон. Бийчи атасынан он жашында ажыраганы менен андан чыгармачылыкка жана искусствого болгон сүйүүнү мураска алат. Сарбагышев мектеп курагында өз өмүрүн балет өнөрүнө арноону чечкен. 12 жашында бүткүл союздун таланттуу балдарынын катарында Ленинграддагы хореографиялык окуу жайда билим алуу укугуна ээ болот. Бул жерде белгилүү педагог Валентин Шелковдун көзөмөлүндө окуйт. Аны 1955-жылы аяктаган соң өз мекенине келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында балетмейстер болуп кызмат өтөй баштайт.

Архивное фотографии народного артиста Кыргызской Республики, балетмейстера Урана Сарбагышева
© Фото / из семейного архива Сарбагышевых
Уран Сарбагышев 1934-жылы 11-ноябрда Фрунзе шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы режиссер, актер катары театрда кызмат өтөсө, апасы да актриса болгон. Бийчи атасынан он жашында ажыраганы менен андан чыгармачылыкка жана искусствого болгон сүйүүнү мураска алат.

Талантка толгон кыргыз балети. Уран Сарбагышев сахнаны алгач аттаганда эле эбегейсиз таланты байкалып, карьерасында бийик чокуларды багынтары билинген. Опера жана балет театрына келгенине төрт гана күн болгондо "Ак куу көлү" чыгармасында алгачкы жеке партиясын аткарат. Бул оор сыноону татыктуу көтөргөн талант тез эле өлкөнүн алдыңкы бийчилеринин катарын толуктайт. Уран Сарбагышев, Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Тугелов, Эркин Мадемилова сыяктуу бийчилердин аркасы менен жөнөкөй элдин балетке болгон кызыгуусу арта баштайт. "Жизель", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Бахчысарай фонтаны", "Дон Кихот", "Спартак", "Дон жуанда" башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, эл сүймөнчүгүнө айланат. Бийчи жергиликтүү сахна менен гана чектелип калбастан, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө көптөгөн фестивалдарга да катышып, эл аралык атак-даңкка жетишет.

Дүйнө сүйгөн "Чолпон" балети. Уран Сарбагышевдин карьерасындагы эң негизги ийгиликтеринин бири — "Чолпон" балети. 1958-жылы Москвадагы кыргыз маданияты менен адабиятынын II декадасында коюлган "Чолпон" болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн улам билеттер калбай калат. Мындан улам бийлик өкүлдөрү балетти жалпы элге жеткирүү жана дүйнөлүк маданий аренага алып чыгуу үчүн дароо экрандаштырууну тапшырат. 1959-жылы "Ленфильм" студиясы тарткан "Чолпон" фильм-балетинин режиссерлугун белгилүү музыкант жана актер Роман Тихомиров аркалап, Чолпондун ролун Рейна Чокоева, Нурдинди Уран Сарбагышев, Айдайды Бүбүсара Бейшеналиева аткарат. Сарбагышев өз сөзүндө бул чыгармага тартылуу абдан оор болгонун, кээ бир бий кыймылдарын 10-15 жолудан аткарышкандыгын айткан. Ошентип кыргыздын үч улуу талантынын жардамы менен улуттук балет искусствосу дүйнөгө даңазаланат.

Архивное фотографии народного артиста Кыргызской Республики, балетмейстера Урана Сарбагышева
© Фото / из семейного архива Сарбагышевых
Сарбагышев 1966-жылы театрдын башкы балетмейстри болуп дайындалат. Бул убакытта ал "Асел", "Прометей", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Бастилия", "Корсар", "Дон Кихот", "Вена токоюнун жомоктору" сыяктуу бир нече чыгармаларды сахнага чыгарат.

Ар бир күнүн сахнага арнаган. Уран Сарбагышев 1966-жылы опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп дайындалат. Ал бул кызматты 2001-жылга чейин аркалап, улуттук балеттин аброюн көкөлөтөт. Кесиптештери аны өзүн ишине абдан кылдат жана жоопкерчилик менен мамиле кылган инсан катары белгилешет. Бул жылдардын ичинде ал режиссер "Асел", "Прометей", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Бастилия", "Корсар", "Дон Кихот", "Вена токоюнун жомоктору" сыяктуу бир нече чыгармаларды сахнага чыгарат. Сарбагышев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жазылган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балетин коюп, ал бир топ абройлуу сыйлыктарга татып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көрүүчүлөрдүн назарына тартууланган. Ал башкы балетмейстерликтен кеткенден кийин да театр менен мамилесин үзбөй, ар дайым колунан келген жардамын, баалуу кеңештерин берип турган.

Бааланган талант. Уран Сарбагышевдин бир гана балет өнөрүнө эмес, жалпы эле кыргыз маданиятына кылган кызматы жана сиңирген эмгеги өз убагында татыктуу баасын алган. Ал "Ардак белгиси" орденинин, "Эмгек ардагери", "Даңк" медалдарынын ээси, бүткүл союздук балет бийчилеринин жана балетмейстерлердин конкурсунун лауреаты болгон. "Саманчынын жолу" үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына да татыган.

Архивное фотографии народного артиста Кыргызской Республики, балетмейстера Урана Сарбагышева
© Фото / из семейного архива Сарбагышевых
Сарбагышев бир уул, бир кыздын атасы. Ал узакка созулган оорудан улам 2012-жылы 19-февралда 78 жаш курагында дүйнө салган.

Үй-бүлөсү. Уран Сарбагышев маектеринин биринде жубайына, балдарына чоң маани берерин айтып, үй-бүлөсү жок инсандын жашоосу чыгармачыл жактан ар дайым бөксө болорун белгилеген. Анын жубайы да режиссердун жардамчысы катары театр тармагында иштеген маданият инсаны. Таланттардын үй-бүлөсү биргеликте бир уул, бир кызды татыктуу тарбиялашкан. Бийчи узакка созулган оорудан улам 2012-жылы 19-февралда 78 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (317)

Тема боюнча

Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Белгилер:
театр, факты, маданият, балет, Уран Сарбагышев

ЭҢ МААНИЛҮҮ