Кайсы мектептер балдарды 1-класска электрондук каттоосу жок алат? Тизме

Жазылуу
Бишкекте баланы 1-класска электрондук каттоосу жок кабыл алган мектептердин тизмесин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада айрым мектептер баланы 1-класска электрондук каттоосу жок эле кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоодон №61 физика-математикалык мектеп-лицейи, №5 улуттук компьютердик мектеп-гимназиясы бошотулган.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова эки мектептин эмне себептен электрондук каттоо системасына кирбей турганын түшүндүрүп берди.

"№5 улуттук компьютердик мектеп-гимназиясы жалпы республикага карайт. Ал жакка балдар өлкөнүн ар кыл аймагынан келип окугандыктан бул системага кирген жок. Ал эми №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу-тарбиялык комплекс болгондуктан микроучастоктордон бошотулган. Мектеп окуучуларын мектепке чейин эле өзүнүн бала бакчасынан окутуп баштайт", — деди Никифорова.

Мындан сырткары, ал пилоттук долбоорго тиешеси жок Бишкектеги билим берүү жайларын да тизмектеп берди.

Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Аматов: мектепке электрондук каттоо 15-августка чейин жүрөт
"Калаада жалпы 97 мектеп болсо, анын ичинен үчөөнө жалаң медициналык маалымкаты менен ден соолугунан жабыркаган балдар барышат. Мындан тышкары, эки интернат бар. Алардын бири 12-кичирайондо жайгашкан 71-мектеп-интернаты боюнча азыр маселе каралып жатат, балким, электрондук каттоого кирип калышы ыктымал. Ошондой эле коррекциялык класстары бар алты мектеп дагы электрондук каттоодон бошотулган. Себеби ал жакта да медициналык комиссиянын жолдомосу менен барган гана балдар билим алышат", — деди Никифорова.

Музыкалык мектепке бергиси келген ата-энелер дагы электрондук каттоого турбай эле баласын 1-класска киргизе алары белгилүү болду.

Эске салсак, 15-февралдан тарта "Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоору иштей баштады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, 15-февралдан 19-февралга чейин Бишкекте 1-класстын 520 болочок окуучусу электрондук каттоодон өткөн.

"Азыркы учурда "Мектепке электрондук каттоо" системасына 520 арыз түштү. Ар бир саатта 20дан 40ка чейин адам катталууда.

"mektep.edu.gov.kg сайтына 8000ден ашык адам кирди", — деди министрликтин маалымат кызматы.

"Мектепке электрондук каттоо" долбоору — бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система.

Электрондук каттоого туруунун жол-жобосун кененирээк төмөнкү материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0