Бишкек мэриясы тыгындан арылуу үчүн өзгөчө сунуш киргизди

Жазылуу
Милиция менен тийиштүү кызматтар көйгөйлүү болгон жол кесилиштерин жерине барып карайт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында калаадагы автоунаа кыймылын жөнгө салуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар ишке киргенден тарта бардык айдоочулар жол эрежесин сактап, айрым көчөлөрдүн кесилишинде жол тыгыны көп болуп жатат.

Ага ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине кошумча секциялар орнотулуп, жол чырактары жаңыртылат:

  • 7-апрель менен Горкий көчөлөрүнүн кесилиши (түндүктөн түштүктү карай бара жатканда солго бурулууга кошумча жол чырагы коюлат. Бул кесилиште 4 тилке болот);
  • Курманжан датка менен Чүй проспектисинин кесилиши (жол чырактын орду өзгөрүп, кошумча секциялар үчүн бөлүнгөн убакыт көбөйтүлөт);
  • Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилиши (батыштан чыгышты карай келе жатканда экинчи тилкеден солго бурулууга болот).

Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежесин бузгандагы айып жөнүндө телефондон билүүгө болот. Жол-жобосу
Жумушчу топтун жыйынтыгында Бишкек ШИИБдин ЖКККБсы, шаардын капиталдык башкаруу кызматы, ВЕГА компаниясы, "Бишкекасфальтсервис" ишканасы жана башка тийиштүү тараптар менен көйгөйлүү жол кесилиштерине чыгып жыйын куруп, керектүү жол белгилерин орнотуу тапшырылды.

Андан сырткары, Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги кишилер өтүүчү чийиндин абалын айдоочулар, активисттер, эксперттер жана жарандар менен талкуулайт. Себеби бул жердеги жол чийин жол кыймылына терс таасир берип жатканы маалыматта айтылат.

Бишкек мэриясы жарандарды өз сунуштарын pressa@meria.kg электрондук дарегине жана 0553013777 номери аркылуу WhatsApp мессенджерине жөнөтүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0