19:54 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Кары кемпир. Архивдик сүрөт

Ата-энеси өлгөндөн кийин келип кийимин талашат... Карылар үйүнүн башчысы менен маек

© AP Photo / Lefteris Pitarakis
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3801 0 0

Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги карылар үйүн 2011-жылдан бери жетектейт. Ал башкарган мекемеге күн алыс ар кандай тагдыр менен абышка-кемпирлер келип түшөт. Арасында арак ичип көчөдө калгандардан тарта илимдин кандидатына чейин бар.

Карылар үйүндөгү жашоо, тагдырлар, жасалып жаткан иштер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мекеменин жетекчиси менен баарлашты. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги карылар үйүн 2011-жылдан бери жетектейт

— Сиз жетектеген мекемеде азыр канча киши жашайт?

— Учурда 201 киши жашайт. Бул социалдык стационардык мекемеде улгайып калгандар эле эмес, 18 жаштан өйдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы кездешет. Учурда 22 жаштан 30 жашка чейин 10дон ашуун майып бар.

— Иш алып баруу оңой болбосо керек…

— Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок мугалим болуп иштеп жүргөн кезде эле социалдык долбоорлорго катышып жүрчүмүн. Анын үстүнө педагогика менен социалдык тармактын өкүлдөрү окшош болуп калышат экен. Бишкектеги карылар үйүн жетектеп баштаганыма быйыл сегиз жыл болот. Албетте, жумуш оңой эмес. Күн алыс мекемеге жалаң турмуштун оор кырдаалына кабылгандар кайрылат. Азыркы заманда андайлар абдан көп экен. Бир гана үй-жайы жок калгандар эмес, арасында балдары менен батышпай, келин-уулу, кыз-күйөөсү менен мамилеси келишпей калгандар бар. Жакшынакай иштеп жүрүп, үй-жайы бар туруп эле оор илдетке кабылып багуудан калгандар келет. Үйүн балдарына алдатып жибергендер, өмүр бою иштебей арак ичип көчөдө калгандар, түрмөдөн чыккандар, жада калса илимдин кандидаттарына чейин бар. Канча киши болсо, ошончо оор тагдыр.

  • Карылар үйүндө учурда 201 киши жашайт
    Карылар үйүндө учурда 201 киши жашайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Пожилой мужчина в коляске у окна Бишкекского дома-интерната для престарелых
    Терезени телмирип тиктеп, баласын күткөндөр...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мужчина в своей комнате в доме-интернате для престарелых
    Директорун айтымына караганда, кийинки убакта эркек кишилерди көбүрөөк алып келип жатышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Постояльцы играютс в шахматы в государственном доме престарелых в Кыргызстане
    Шахмат ойноп отурган пенсионерлер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Пожилая женщина шьет в Бишкекском доме-интернате для престарелых
    Бул жерге тапшырып койгону үчүн балдарын күнөөлөгөндөр чанда чыгат...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Постояльцы в одном из государственных домов престарелых в Кыргызстане
    2019-жылдын февраль айындагы маалыматка таянсак, карылар үйүндө жашаган 200 кишинин 50дөйү төшөктөн турбай жаткандар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Карылар үйүндө учурда 201 киши жашайт

— Аялдар көппү же эркектерби?

— Кийинки убакта эркектер көбүрөөк болуп жатат. Кейиштүүсү  — эркектердин ичинен кыргыз улутундагы жарандардын көп келип жатканы. 200 кишинин ичинен 71 адам кыргыздар. Көбү аялы каза болуп калгандар, келин-уулуна батпай калдым деп келишет. Бирок ата-энени башкача жаратат экен, кызы же уулу алып келип таштап кеткен күндө дагы "өздөрү бала-чакасын араң багып жатат, үйү тар" деп аларга жаман сөз тийгизбейт. Балдарын күнөөлөгөндөр чанда.

— Алардын сырын сизден жакшы билбеген адам жок болсо керек…

— Ооба, жүрөк ооруткан тагдырларды угуп жатып ага да көнөт экенсиң. Адам карыганда таарынчаак болуп, жаш балага окшоп калат экен. Кыял-жоругу бузулат. Бул табигый көрүнүш. Бирок биздеги адамдардын таарынычы, депрессиясы катардагы карылардыкынан эки-үч эсе оор. Жакшынакай, кычыраган эле кишилер таштап кеткенде жан ачышпай койбойт. "Ай, бул атаңар, апаңар да" деп акыл-насаат айтып ойлондурууга аракет кылам.

Бир жолу жакшынакай эле киши атасын өткөргөнү келиптир. Себебин сурасам "апам менен биз кичине кезде эле ажырашып, атам башка аял алып алган. Апамдын да көзү өттү, алган аялы да каза болуп эми бизге келиптир. Биз бул кишини тааныбай деле калдык" деди. Мындай балдарды да түшүнсө болот. Бирок беш бир тууган экен. "Беш эркек экенсиңер, атаңар деле карып калыптыр, ар бириңер бир айдан баксаңар беш айда бир кезек келет экен, жаман да болсо атаңар" десем ойлонуп, кайра алып кеткен. Ошол бойдон келишкен жок.

Бирок баары эле андай эмес. Арасынан "албай койгонго кандай акыңыз бар" деп беттен алгандар чыгат. "Мыйзам боюнча бардык документтери менен алып келдик, социалдык башкармалык уруксат кылып жолдомо бергенден кийин албай койгонго укугуңар жок" деп догурунуп таштап кетишет. Бизге келерде бир топ документтерди чогултушу керек, анын ичинде социалдык башкармалыктын дагы жолдомосу зарыл. Анан ата-энесин алып келгендер "соцбашкармалык уруксат бергенден кийин силер кайда качасыңар" дегендей эле мамиле кылышат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Түбөлүк жайга узаган атасын же энесин карылар үйүнөн алып кетип айылына көмүш үчүн кантип эле урук-тууганы жок болсун?..", — деп суроо салды Эркингүл Абдылдаева

— Таштагандар кайра алып кетишеби? Ойлонуп артынан издеп келгендер болобу?

— Бизде жашагандардын көбү ошол мекемеден көз жумушат. Жайына өзүбүз узатабыз. Аларды узатуу зыйнатына атайын акча бөлүнгөн. Православ дин өкүлдөрүнө жыгач үкөк берилет. Мусулмандарды мечиттен  молдону атайын чакыртып, сууга алып, кепин бычтырып, жаназага тургузуп шарты менен узатканга аракет кылабыз. Мага чейин бул мекеменин жетекчиси башка улуттагы адам болчу. Эми алар мусулмандардын, биздин ырым-жырымдарды жакшы деле билбейт да. Кыргыздар өлгөндө кепинделбей эле узатышчу экен. Жетекчи болуп келгенде дароо муфтиятка "мусулман жарандарды акыркы сапарга узатчу шартын түзүп бергиле" деп кат жолдодум. Ошондон бери азыр муфтият менен иштешебиз. 20 метрден кепин жана атайын молдо бекитип берген.

Апасы же атасынын көзү өткөндө балдарына чалып "алып кетесиңерби?" деп сурасаң, кайдыгер мамиле кылып койгондо жүрөк ооруйт. Айрымдары "үйүм жок болсо кайдан узатам" деп кайра беттен алышат. Кантип эле кыргыздын урук-тууганы жок болсун?.. Кээ бири ата-энеси каза болгондон кийин келип кийим-кечесин талашат. Таң каласың. Арасында "шартыбыз жок, өзүбүз узата албай калдык" деп кийин куран окутуп кеткендер болот…

Жүрөк ооруткан учурлар көп эле. "Балдарымды, үйүмдү сагындым. Үйүмдү бир көрсөтүп койгулачы" деп сурангандар да бар. Азыр бизде төшөктө бир апа жатат. "Туугандарыма баргым келет, үйүмө бир алып барып койгулачы" деп кишинин ыйлагысын келтирет. Шаарга жакын болсо алып барабыз. Аныкы Чүйдө экен, үйүнө эки-үч жолу алып барып келгенбиз. Бирок ал жакта эч ким жашабайт экен.

— Оор илдетке кабылгандар да кароодон калып келет деп калдыңыз…

— Бизде жашаган 200 кишинин 50дөйү төшөктөн турбай жаткандар. Айрымдары оор илдетке кабылып, караган кишиси жок келсе, кээ бири бизде жүрүп эле карылыгы жетип төшөккө жатып калышат. Алар үчүн атайын "Мээрим" деген бөлүмүбүз бар. Негизги жайда да өзүнчө бөлмө бар. Бизде иштеген кызматкерлер тамагын берип, памперсин алмаштырып жакшынакай багышат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Балдарымды, үйүмдү сагындым. Үйүмдү бир көрсөтүп койгулачы" деп сурангандар да бар", — деди карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева ойго бата.

— Кызматкерлер "жумушу оор" деп тез эле кетип калышпайбы?

— Ар бир кишини аларда "жумуш оор, айлыгы аз, чыдасаңар иштегиле. Соопчулук кылып чын жүрөктөн иштейм десеңер гана алабыз" деп айтам. Чыдаганы чыдайт, кетип калгандар дагы жок эмес. Жалпы жонунан жамаат жакшы. Азыр 70тей киши иштейт. Арасында жаштар дагы көп. Жамаат менен жашагандарды жакындатуу максатында майрам сайын ар кандай сынак, иш-чараларды өткөрүп турабыз. Анда командага бөлүп сөзсүз жашагандардын арасына кызматкерлерди да кошобуз. Мисалы, "Алга, аталар", "Алга, апалар" "Жаз сулуусу" деген иш-чараларды өткөрөбүз. Спорттук иш-чаралар болот. Демөөрчү тартабыз. Күн жылыганда жаратылышка чыгып, жайкысын көлгө барабыз.

Бирок канчалык алардын көңүлүн көтөрүп, түрдүү иш-чара өткөргөнүбүз менен баары бир өз үйүнө жетпейт да. Төрт маал ысык тамагын берип укмуш караганыбыз менен көбү суу ичип отурса да тууган-уругу, бала-чакасы менен жашагысы келет. Ата-эне — бир эле жолу берилчү байлык. Кандай учур болгон күндө дагы кечиримдүү болуш керек. Алар менен аралашып жүрүп жатып көп эле нерсени көрүп жатпаймынбы. Терезени телмирип карап балдарын, туугандарын күтүшөт. Өмүрүнүн акырына чейин жакшылыктан үмүт үзбөй өтүп кетишет…

— Мекемеден табышып баш кошкондор болот деп угуп калабыз?

— Ооба, жалгыздыктан тажап, бири-бирине көңүлдөрү келишип, табышып алгандар бар. Аларга өзүнчө бөлмө беребиз. Молдо келип никесин кыят, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк алышат. Буга чейин 13 үй-бүлө бар болчу, азыр аялы же күйөөсү каза болуп алты үй-бүлө калды.

Тема боюнча

Кароосуз калган карыларды караган 70 жаштагы чыйрак кемпирдин жашоосу. Видео
Смартфон колдонгонду үйрөнгөн бишкектик ата-апалар. Жүрөк жылыткан видео
Белгилер:
салт, мүрзө, абышка, ата-эне, кемпир, Карылар үйү, оору

ЭҢ МААНИЛҮҮ