Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар

© SputnikВерифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР
Верифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кокус атактуу ырчы, актер же саясатчынын социалдык тармактагы аккаунтун издеп калсаңыз, эң аз дегенде эле алардын аты-жөнүнө окшош 5-6 кишинин тизмеси чыгат. Бирок дүйнө жылдыздары менен лидерлери "көк белгини" эбак алып коюшкан.

Көк белги — социалдык аккаунт менен баракчалардын расмий экендигин такстыктаган белги. Акыркы учурда кыргызстандыктар дагы аккаунттарын верификациялоодо.

Учурда көк белгиге ээ болгон адамдар менен ведомство, компаниялардын санын сураштыра келсең 20га жетпейт экен. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги расмий баракчага ээ болгон белгилүүлөрдү тизмектеди. Компаниялар эсепке алынган жок.

Самара Каримова

Посмотреть эту публикацию в Instagram

@sparrowentmedia! Галочка учун чон рахмат 🇰🇬

Публикация от Samara Karimova (@samarakarimovasinger)

Учурдун жаш жана белгилүү эстрада ырчысы Самара Каримованын Instagram баракчасына жазылгандардын саны миллиондон ашат. Анын фейк аккаунттарынын көп экендигине карабай, күйөрмандары үчүн чыныгы баракчасын табуу татаал деле эмес. Аккаунтунда өзү отурарын былтыр тастыктаган.

27 жаштагы Самара Каримова ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", "Сагынганда атамды", "Жаз", "Бололу бирге" жана башка ырлардын аткаруучусу катары таанымал.

Дайыр Исмадияров

СММ адистери баракчага расмий макам алуу үчүн канча катталуучуң бар экендиги маанилүү эмес деп айтып келишет. Ага эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров мисал боло алса керек. Аткаруучунун Instagram аккаунтуна жарым миллионго жетпеген адам катталган. Ошентсе да көк белгиси бар.

33 жаштагы Дайыр Исмадияров коомчулукка "Сүйөм сени", "Студенттик күндөр", "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен белгилүү болгон.

Азамат Байматов

Посмотреть эту публикацию в Instagram

🤷🏻‍♂️😄

Публикация от AZAMAT BAIMATOV (@azamat_baimatov_official)

Кыргызстандык футболчулардын ичинен Азамат Байматов биринчилерден болуп расмий аккаунтка ээ боло алды. Анын деле Instagram баракчасына жазылгандардын саны болгону 58,5 миң.

33 жаштагы Азамат Байматов — Кыргызстандын мыкты футболчусу (2010, 2012), Өлкөнүн көз карандысыздык кубогунун ээси, КРдин чемпиону (2008, 2011, 2012), КР кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2012). Ошондой эле "Дордой" (Кыргызстан), "Транзит", "Вентспилс" (Латвия), "Сибирь" (Россия), "Ситра", "Риффа" (Бахрейн), "Борнео" (Индонезия) клубдарында ойногон.

Валентина Шевченко

Негизи UFC мушкерлери үчүн көк белги алуу жаңылык деле эмес. Күмөн санабай туруп каалаган спортчуңду таап алууга болот. Валентина Шевченко кыргыз мушкерлеринин ичинен алгачкылардан болуп аккаунтунун расмий экендигин көрсөтө алды. Анын Instagram баракчасында 795 миңден ашык күйөрманы бар.

Валентинанын Facebook баракчасы да верификацияланып, ага 250 миңге чукул адам катталган.

Ошондой эле Twitter аккаунтунун расмий макамы бар. Бул жакта мушкерди 7 миң киши окуйт.

30 жаштагы Валентина Шевченко ММА боюнча Америкадагы беделдүү делген UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону. Муайтай, K1 жана MMA боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарынын искусствосунун эки жолку чемпиону.

Антонина Шевченко

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

Ал эми Валентина Шевченконун бир тууган эжеси, UFC мушкери Антонина Шевченконун азырынча Instagram аккаунтуна гана "көк белги" берилип, миң катталуучуну топтогон.

34 жаштагы Антонина Шевченко былтыр UFC уюмунда тушоосун кести. Муай-тай боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Эл аралык класстагы спорт чебери.

Өмүрбек Бабанов

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы депутат Өмүрбек Бабанов
Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Facebook баракчасын расмий каттоого өткөргөн. Ага жазылгандардын саны 80 миңден ашат.

48 жаштагы Өмүрбек Бабанов ЖКнын бир нече чакырылышынын депутаты. 2011-2012-жылдары премьер-министр болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. 2018-жылдын 19-январынан тарта депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган.

Мухамедкалый Абылгазиев

Өлкөнүн премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиев социалдык тармактагы активдүү саясатчылардын бири. Ал Instagram баракчасын верификациялап, ишине байланыштуу жаңылыктары менен бөлүшүп келет. Баракчасында 20 миң катталуучусу бар.

Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган. 2017-жылы КР президентинин кеңешчиси, аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болгон. 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР премьер-министри.

КРдин өкмөтү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке аккаунту гана эмес, ведомствонун Facebook баракчасы да расмий катталган. Баракчага 11 миңден ашык адам жазылган.

Баракчада министрликтин ишине байланыштуу жаңылыктар жайгаштырылып турат.

Тышкы иштер министрлиги

Ведомстволордун ичинен "көк белгини" алган ТИМ Facebook баракчасына 7 миңден ашык кишини топтогон.

Бул баракчада дагы министрликтин ишине байланыштуу кабарлар жайгаштырылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0