Жээнбеков афган согушунда эрдик көрсөткөндөрдүн эрдигине таазим этти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков на торжественном собрании, посвященном 30-летию вывода Советских войск из Афганистана
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков на торжественном собрании, посвященном 30-летию вывода Советских войск из Афганистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз жылга созулган афган согушунда 248 кыргызстандык курман болгон. Бир жарым миң жоокер жаракат алган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное собрание, посвященное 30-летию вывода Советских войск из Афганистана
Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет - Sputnik Кыргызстан
1/4
Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное собрание, посвященное 30-летию вывода Советских войск из Афганистана
Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное собрание, посвященное 30-летию вывода Советских войск из Афганистана
Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды - Sputnik Кыргызстан
3/4
Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное собрание, посвященное 30-летию вывода Советских войск из Афганистана
Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.
1/4
Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет
2/4
Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты
3/4
Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды
4/4
Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.

"Тогуз жылдан ашык созулган афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендешибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Афган согушунда 248 кыргызстандык курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!" — деди Жээнбеков.

Моджахеддер жоокерлерди  аеосуз кыйнашкан... Афган кан майданынан 7 баян - Sputnik Кыргызстан
Моджахеддер жоокерлерди аеосуз кыйнашкан… Афган кан майданынан 7 баян

Ал 247 кыргызстандык СССРдин жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланып, эки жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыганын эске салды. Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбап кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.

Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша "афган" ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи.

Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0