Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Айыл чарба министрлигинин өкүлү: биз элди картошка эгүүгө үндөгөн эмеспиз

© Sputnik / Табылды КадырбековАзык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Анаркүл Беккулиева
Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Анаркүл Беккулиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо журналист: "Кесепети мындай болсо, эмнеге жазда картошка эгүүнү сунуштагансыздар?" - деп сураган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги былтыр дыйкандарды картошка эгүүгө үндөгөн эмес. Бул туурасында аталган ведомствонун Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Анаркүл Беккулиева билдирди.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо журналист: "Кесепети мындай болсо, эмнеге жазда картошка эгүүнү сунуштагансыздар?" - деп сураган.

"Дыйкандарга мындай чакырык жасаган эмеспиз, балким сиз кимдир бирөөдөн туура эмес алгандырсыз. Бизден "картошка эккиле" деген көрсөтмө болгон эмес. Жер дыйкандардын жеке менчиги, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша эгет. Айдоо аянттарын кеңейтишине 2017-жылкы баанын кымбатташы себеп болушу мүмкүн", — деди Беккулиева.

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу
Белгилей кетсек, былтыр Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тен министрликтин атынан өлкөнүн түштүгү жана Ысык-Көл облусуна картошка эгүүнү сунуштаган.

Бирок күздө картошкага болгон баа кескин төмөндөп, өзүн актаган эмес. Өз кезегинде министрлик баа жогорулай турганын кабарлаган. Бирок иш жүзүндө андай болбой улам арзандап, килограммы 3-5 сомго чейин түштү. Мындан улам дыйкандар эмгегине күйүп отурат.

Ал эми быйыл дыйкандарга пахта, май чыгарчу, малга тоют болчу өсүмдүктөрдү жана кант кызылчасын өстүрүүгө кеңеш берип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0