Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин биринчи милдети — өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо экени айтылды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Фермерлер жалаң гана киреше алып келе турган жашылча-жемиштерди айдабашы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева
Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева

Тегерек столдун темасы — "Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда. 2019-жылы эмне эгүү керек?".

Анын айтымында, эң биринчиден азык-түлүк коопсуздугуна көңүл буруу зарыл. Тагыраагы, биринчи максат — өлкөнү керектүү азыктар менен камсыз кылуу. Ал эми экспорт экинчи планда.

"Буудайдын ордуна техникалык сырье ала турган пахта, кызылча, күрүч, зыгыр сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталып жатат. Албетте, булар экспортко жакшы. Бирок биз азык-түлүктөрдү импорттоп жаткан өлкөлөр чектөө киргизип койсо, эмне жейбиз?" — деди Беккулиева.

Ал кошумчалагандай, Айыл чарба министрлигинин биринчи милдети — өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0