Мындан ары автоунааны сатып алган киши кайрадан салык төлөбөйт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТизилген унаалар. Архивдик сүрөт
Тизилген унаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эски мыйзамга ылайык, унааны жаңы сатып алган киши ага мурдагы ээси салыкты төлөгөнүнө карабай, кайрадан төлөөгө милдеттүү болчу.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ушул жылдан тарта автоунааны жаңы сатып алган адам анын салыгын төлөбөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2018-жыл үчүн декларация кабыл алына баштады
Бул Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу болууда. Мындан ары унааны сатып жаткан адам автонун документтери менен бирге бул жылга салык төлөгөндүгү боюнча квитанцияны дагы бериши керек.

Эски мыйзамга ылайык, унааны жаңы сатып алган киши ага мурдагы ээси салыкты төлөгөнүнө карабай, кайрадан төлөөгө милдеттүү болчу.

Салыктын бул түрү жыл сайын 1-сентябрга чейин төгүлүшү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0