Камерадан качтыбы? Милиция номерлерине ылай чампалап салган айдоочуларды издейт

Жазылуу
Жакын арада "жаңыча ой жүгүрткөн" унаа ээлери издөөгө алынат.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкекте номерлерине ылай чампаланган унаалар кездешүүдө. Бул "Коопсуз шаардын" камерасына түшпөө аракети болушу мүмкүн экени да айтылып жатат.

Сүрөттөр "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

"Коопсуз шаарга" түшүп калбоо үчүн номерге чапталчу нанопленкалар. Экини бериңизчи!" — деп турат сүрөттүн алдында.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев жакында мындай номерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар башталып, айдоочуларга чаралар көрүлөрүн айтып берди.

"Бул транспорттун эксплуатациялоо эрежелеринин бузулушу. Номерлер көрүнбөйт. Буга мыйзам боюнча 1000 сом өлчөмүндө айып салынат", — деди ал.

Центр мониторинга ГЧП Безопасный город  ГУОБДД КР - Sputnik Кыргызстан
Айып тууралуу билдирүү айдоочуга качан кантип келет? Түшүндүрмө
Сатыбалдиевдин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизип жаткан компаниянын өкүлдөрү "бир нерсе чапталган" номерлерди да окуй турган аппараттык-программалык комплекси абдан күчтүү экенин белгилешкен.

Эскерте кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта иштей баштады. Азырынча жол эрежесинин бузулушун каттай турган камералар Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишине гана коюлган. Дагы 38 жерге коюу пландалууда

Жаңылыктар түрмөгү
0