Башкы прокурор ТЭЦти модернизациялоонун зарылдыгынан күмөн санады

Жазылуу
Бишкек ТЭЦин модернизациялоого жалпысынан 386 миллион доллар сарпталган. Ал каражатты Кыргызстан насыя катары Кытайдан алган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин блокторун жаңылоо канчалык рентабелдүү эле? Мындай суроону парламенттеги жыйында сөз сүйлөп жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов берди.

Работы по строительству химцеха в ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
TBEA компаниясына артыкчылык берүүдөн мамлекетке канча зыян келгени айтылды
Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын тапшырмалары боюнча аткарылган иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жамшитовдун айтымында, жаңы энергоблоктордун кубаттуулугу — 300 мегаватт жана 300 гигакалорий жылуулук. Модернизацияга чейин ТЭЦтин жалпы кубаттуулугу — 666 мегаватт жана 1400 гигакалорийден көбүрөк жылуулук берчү.

"Жаңы блоктор эскисин алмаштыра албайт, болгону жарым-жартылай көмөк болот. Андан көрө эски жабдууларды алмаштырсак, 50 миллион доллардай гана акча кетмек. Бул жерден жаңы блокторду куруунун зарылдыгы бар беле деген суроо туулат", — деди башкы прокурор.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоого жалпысынан 386 миллион доллар сарпталган. Ал каражатты Кыргызстан насыя катары Кытайдан алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0