Эртең менен өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

© AFP / NICOLAS ASFOURIЖер титирөөнүн күчүн ченөө. Архив
Жер титирөөнүн күчүн ченөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө 14-февраль күнү эртең мененки саат 06.28де Талдык айылынын түштүк-батышынан үч чакырым, Папан айылынан 17 чакырым алыс жерде катталды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош облусунда жер силкинип, очогундагы күчү төрт баллга жеткенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Последствия лавины на участке дороги Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык - Sputnik Кыргызстан
Эки ирет түшкөн кар көчкү Matiz унаасын басып калды. Чоң-Алайдагы окуя
Жер титирөө 14-февраль күнү таңкы саат 06.28де Талдык айылынын түштүк-батышынан үч чакырым, Папан айылынан 17 чакырым алыс жерде катталды.

Жер силкинүүнүн күчү Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында — 4 баллга, Папан, Алга-Бас, Кара-Шоро, Боз-Караган, Кызыл-Туу, Алчалы, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарында — 3,5 баллга, Гүлчө, Таш-Короо, Чайчи, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Кара-Сөгөт, Лангар, Кызыл-Коргон, Мурдаш айылдарында — 3 баллга жетти.

Жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0